Эриш-аркак жүргөн жубайлар чыгармачылык менен үй-бүлөнү кантип айкалыштырып алып кеткенин, жубайлар ортосундагы мамиле тууралуу маек курушту.
— Кызыңыздарды турмушка узатып жатканда анын сиздерге тартуулаган ыр белегин социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, жакшы тилектерин айтыптыр. Өзгөчө белек болуптур. Ошол учурдагы эмоцияңыздар менен бөлүшүп кетсеңер. Айрыкча Ороз мырзанын ичи ачышса керек.
Гүлназ Бекбоосун кызы: — Ороз экөөбүздүн эки кызыбыз бар, улуусу Азаданы турмушка узаттык. Буга чейин тойлордо кызмат кылсак, бул ирет өзүбүз той берип абдан толкундандык. Мындай жакшылыкты ар бир адамдын өткөрүшүнө тилектешпиз.
Азаданын ыр белеги күтүүсүз болду. Аны ырдайт деп деле күткөн эмеспиз. Ошол учурдагы эмоцияны айтып жеткире албайбыз го. Кызымды үйдөн узатып жатканда эле көзүмө жаш алгам, "апасы ыйлаак экен дебесин" деп тойдо өзүмдү эптеп кармадым. Биздикиндей эң бактылуу ирмемдерди ар бир ата-энеге каалайм. Кийин социалдык тармактан видеосун көрүп, анын алдына жазылган жылуу сөздөр эне катары жүрөгүмдү абдан жибитип, сүйүнттү.
Негизи эле бул кызыбыз бала кезинен чыгармачылыкка жакын болуп, ырдаганды жакшы көрчү. Бирок Ороз экөөбүз ырдаткыбыз келбей, каршы чыктык. Анткени чыгармачылык деле оңой нерсе эмес, канчалаган жүк, канчалаган жоопкерчилик бар. Өзгөчө аял киши үчүн кыйын. Турмушка чыкканда кыйналат, кайын журту кандай кабыл алат деген коркуу сезими болгон. Кийин окууну бүткөндө журналистика тармагын тандап алды. Кайсы жерде болбосун, абдан активдүү. Ар кандай иш-чараларга катышып, айтор, жөн отурчу эмес. Ошентип жүрүп кичүү кызым, анан туугандарыбыздын бир кызын кошуп социалдык тармакта "Эки сулуу" деген долбоор ачып, ар кандай пародиялуу видеолорду тартып, өзүнчө жылдыз болуп жүрүшөт.
Ороз Кашкаев.: — Албетте, ичим ачышты. Бирок ал илгеркидей алыска эмес жакын эле жерге кетти. Эң негизгиси, бактылуу болсун!
"Эки сулуу" деген ат менен популярдуу болуп жатышпайбы. Эркек кишилерди туураганда кийимдеримдин баарын кийип алышат. Анан "ай, буларды эл көрүп калды, мага жаңысын сатып бергиле" деп тамашалап калам.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Демек, алма сабагынан алыс түшпөй, кыздарыңар да чыгармачылыкка жакын турбайбы. Ата менен кыз баланын ортосундагы мамиле да башкача болот эмеспи. Кыз балага тарбия берүүдө эмнеге басым жасайсыздар?
О.К.: — Үйдө жалаң кыздар болгондуктан баары мени тамаша менен эле жеңип кетишет. Өзүм деле кыздарымды катуу кармап, сүрдүү ата болгон жокмун. Табиятыман тамашакөй адаммын. Чыгармачылыкта, достордун арасында дагы. Кыздарыма деле катуу айтпай тамаша менен тарбияладык окшойт. Ошол эле учурда алар да аны жакшы түшүнөт, чектен ашпайт.
Тамаша демекчи, маселен, кызым телефон менен сүйлөшүп жатса "мага бир чыны чай берип койчу, жигитиңе андан кийин деле жазасың" же "кел, мен өзүм жооп берип коеюн" десем күлүп калышат. Өз кыздарымдай көрүп кээде айылдагы туугандардын кыздарын тамашага салсам түшүнбөй калышат. Көрсө, ар бир үй-бүлөдө тарбия ар башка болот экен. Кыздарым менин кеңешчилерим, апасынын курбусу, сырдашы.
— Жубайлардын ортосундагы мамиле тууралуу да сурагым келип жатат. Негизи үй-бүлөдө эркек менен аялдын орду кандай болгон учурда гармония орун алат деп ойлойсуздар?
Г.Б.: — Эки адам бири-бирин түшүнө билгенде. Мисалы, менин ушул күнгө чейин ырдап, чыгармачылыкка баш-отум менен кирип, концерт берип, болгон өнөрүмдү тартуулап "Гүлназ Бекбоосун кызы" болушума Ороздун опол тоодой салымы бар. Себеби кыздар кичинекей кезинде концерт чыгып же жумуштар болсо Ороз аларды үйдө карап калчу. Ал түшүнчү. Кокус "жок, сен үйдө отур" десе ага деле көнүп, жашамакмын. Бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 25 жылдан ашты. Бул аралыкта бири-бирибизди түшүнүп, колдоп, кеңешип оокат кылып келе жатабыз. Турмуш эч убакта зымга тизгендей болбойт. Баштан далай кыйынчылык өттү. Бирок анын баарын бири-бирибизге арка-жөлөк, эриш-аркак болуп түшүнүп жеңип келе жатабыз. Жакшы нерсе болсо өтө сүйүнгөн жокпуз, жаман нерсе болсо күйүнгөн жокпуз. Ушу кезге чейин кеңешип оокат кылабыз. Бекем үй-бүлө болуш үчүн эң биринчи сый, сезим, ишеним, түшүнүшүү маанилүү.
Башында Ороз экөөбүз Нарында иштеп келдик да. Ал жактан Бишкекке жаңы келгенде үйүбүз жок, батирден батирге көчүп жүрдүк. Аскар Салымбеков бизге колдоо көрсөтүп, "Дордой" ассоциациясы айлык берчү. Ал жактан алган акча баарына жетчү экен. Батирге, кыздардын кийимине, тамак-ашыбызга, ал тургай тууган-урук менен катышканга да жеткирчүбүз. Азыр ойлоп таң калам.
О.К.: — Жубайлар ынтымактуу болуп, кеңешип оокат кылса акча да ошончо берекелүү болот. Ынтымактуу болгон үчүн баарына жетчү окшойт.
Г.Б.: — Ошентип батирде жашап жүрүп 5-6 жылдан кийин үйлүү болдук. Кеп акчада деле эмес экен.
О.К.: — Экөөбүз "андай кылалы, мындай кылалы" деп кеңешип баарына жеткирчүбүз да. Үй-бүлөдө "сеники-меники" деген нерсе болбош керек. Ошол нерсени жаман көрөм. "Биздики" деп жүргөн жакшы.
— Казан-аяк кагышканда кырдаалдан кантип чыгасыңар?
О.К.: — Бизде казан-аяк катуу деле кагышып, тарелка сынган жок (күлүп). Мен айтышып, урушканды аябай жаман көрөм. Бир нерсе башталып келе жатса сыртка чыгып же телевизор көрүп жатып алам. Анан көп убакыт өтпөй эле Гүкү "жүрү, чай ич" деп келип калат. Жаңы үйлөнгөн жылдары "бул аял кичине 2-3 күн тултуңдаганды билеби, таарынып койбойбу" деп жиним келчү.
Г.Б.: — Чынында ичинен кубанчу да.
О.К.: — Көрсө, бул аял кишиге тиешелүү эң сонун сапат экен. Аялдын ошондой болгону жакшы. Кыздарыма да апасынын ушул мүнөзүн айтып, алардын ушундай болушун каалайм.
— Жогоруда Нарында иштедик деп айтып калбадыңыздарбы. "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли ошол жактан түптөлдү беле? Анын да жаралыш тарыхына токтолуп кетсеңиздер.
О.К.: — "Кыргыз рухунун" өзөгү бизге чейин түзүлгөн. Нарынга Гүлназ экөөбүз үйлөнгөндөн кийин бардык. Ал убакта улуу кызыбыз төрөлгөн. Кичинекей бала менен көп жерде болдук. Бирок жаш балаңар менен ала албайбыз деп бир топ жер албай койду. Ошентип жүрүп Нарын райондук маданият үйүнүн алдындагы "Манас руху" деген театр бар экенин угуп калдык. Аны КР эл артисти Табылды Актанов негиздеп, түзүптүр.
Г.Б.: — Ал кезде жанагы Азада деген улуу кызыбыз 10 айлык. Театрга барсак "кандай өнөрүңөр бар?" деп сурашты. Ороз "мен режиссер бөлүмүн бүтүргөм" деди, мен "элдик оркестрди бүтүргөм, комуз менен ырдайм" десем эки жолу ырдатып көрүп эле экөөбүздү тең дароо алды. Ал кезде Табылды байкенин Алмамбет деген баласы 2 жашта болчу. "Ушул балам менен кышында деле, жайында деле чогуу келип иштедик, балаңар менен келип иштей бергиле" деди.
Театр тууралуу айта турган болсом, Табылды агай жана анын жубайы Зуура Акылова эже далай таланттуу жаштарды таптап чыгарды. "Манас руху" үй-бүлөлүк оркестр экен, биз менен чогуу Мунарбек Чобиев жубайы менен, дагы бир үй-бүлө бар болчу, алар кийин Нарында калышкан. Баарыбыз чогуу ырдачубуз.
Эмгек жолубуз дал ошол Нарын театрында башталганына сүйүнөм, сыймыктанам. Агай менен эженин тарбиясын алып өстүк. Анда жашпыз, көп нерсеге деле маани бере бербейбиз. Зуура эже майда нерсеге да маани берип, сахнага кандай чыгып, өзүңдү кандай алып жүрүү керектигин үйрөткөн. Сахнага чыгарда бутубузга чейин карачу. Туфли же башка нерсе эмес, оймо өтүк кийгизчү. "Чачы-башыңары жайып албай өрүп чыгасыңар" деп кенедей чачты дагы эки өрдүрүп сахнага чыгарчу. Табылды байке болсо "сахнага чыкканда силер мылтыктын атылган огундайсыңар, ырдайм дегенден кийин ырдаш керек" деп дем-күч берчү. Ошол тарбия-таалим менен элге кызмат кылып келебиз, жаштарга да үйрөтөбүз. Табылды агайлар менен азыркыга чейин үй-бүлөлүк катыштабыз.
О.К.: — Ал кезде Табылды Актанов кыргыздын өзүнүн фольклордук мектеби болсун деп жүрүп "Манас руху" ансамблин түзүптүр. Агайыбыз "маданият адамы — сахнанын жылдызы, күзгүсү" деп айтып турчу. Сахнага чыкканда тескери карабай, бири-бириңерди карап ырдагыла, ансамблдүүлүк болсун" деген талап коер эле. Театрдагылар кыз-эркегине карабай күпүлдөп манас да айтып жиберип, актер да болуп кетчүбүз. "Манас руху" 2002-жылга чейин иштеди. Кийин биз Бишкекке келдик. Бул жактан эки жылдай чогулуп иштеп жүрүп, "Манас рухунун" өзөгү менен "Кыргыз руху" деген фольклордук ансамблди түзгөнбүз. Азыркы тапта Бишкек мэриясынын алдындагы ансамбль болуп иштеп жатабыз.