https://sputnik.kg/20210910/olimpiadaga-katyshuu-uchun-marafon-zharyshtaryna-katysha-bashtagam-1053863602.html
Сатарова: Олимпиадага баруу үчүн марафондорго катыша баштагам
Сатарова: Олимпиадага баруу үчүн марафондорго катыша баштагам
Жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери Гүлшаной Сатарова Олимпиада оюндарына катышуу максатында спорттун түрүн өзгөртүп, марафонго катышууга... 10.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-10T10:40+0600
2021-09-10T10:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
/html/head/meta[@name='og:title']/@content
/html/head/meta[@name='og:description']/@content
https://sputnik.kg/img/07e5/09/0a/1053863489_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_b2f35e5b2a1b3bdfe4ca7e3034f3c725.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/0a/1053863489_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_5a697d04f3c76a113e19f6190bc6d587.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
коом, кыргызстан
Сатарова: Олимпиадага баруу үчүн марафондорго катыша баштагам
10:40 10.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери Гүлшаной Сатарова Олимпиада оюндарына катышуу максатында спорттун түрүн өзгөртүп, марафонго катышууга өткөнүн айтты.
Мелдештерде 1 500 метр аралыкка чуркап жүрүп, дароо марафондук дистанцияга өтүү оор болду. Мындай пикирин Гүлшаной Сатарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Олимпиадада 1 500 метр аралыкка лицензия алуу абдан чоң күчтү талап кылат.
"Марафондук дистанцияга өтүшүмдүн негизги максаты Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуу болгон. Буга чейин мелдештерге 1 500 метр аралыкта чыгып келгем. Бул дисциплинада дүйнөлүк аренада абдан чоң атаандаштык бар. Болгондо да жолдомо утуш үчүн 4 мүнөт 9 секундалык чектен өтүү керек. Менин көрсөткүчүм 4 мүнөт 22 секунданы түзөт. Тиешелүү убакытты багындыруу үчүн 11-12 секунда жетпей жатат. Бул абдан оор жана чоң убакыт. Мунун баарын эске алып, марафондук жарышка катыша баштадым. Мелдештерде 1 500 метр аралыкка чуркап жүрүп, дароо марафондук дистанцияга өтүү оор болду. Жашым дагы 30дан ашып калды. Бирок дагы бир жолу мүмкүнчүлүктү сынап, максатым үчүн күрөшөм. Ал үчүн болгон күчүмдү жумшайм", — деди Сатарова.
Ошондой эле жөө күлүк балалуу болгондон кийин мурунку көрсөткүчтү кармап туруу абдан татаал экендигин кошумчалады.