Россиядагы мекендештер министр Казакбаевден бир нече көйгөйдү чечүүнү өтүндү

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын учурунда
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Министр өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө коомдук уюмдардын жана активисттердин салымы зор экенин белгилеген.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МИД КРВидеоконференция Министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями кыргызских общественных объединений, бизнес-ассоциаций, диаспоральных организаций и соотечественниками проживающими в России
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын өткөрдү
© Фото / пресс-служба МИД КРВидеоконференция Министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями кыргызских общественных объединений, бизнес-ассоциаций, диаспоральных организаций и соотечественниками проживающими в России
Жолугушууда негизинен Россиянын бардык шаарларында жашап-иштеген кыргызстандыктардын актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жолугушууда негизинен Россиянын бардык шаарларында жашап-иштеген кыргызстандыктардын актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланган
© Фото / пресс-служба МИД КРВидеоконференция Министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями кыргызских общественных объединений, бизнес-ассоциаций, диаспоральных организаций и соотечественниками проживающими в России
Мындан сырткары, Россияда мекендештердин санынын көптүгүн белгилеп, аларды 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мындан сырткары, Россияда мекендештердин санынын көптүгүн белгилеп, аларды 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырды.
1/3
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы коомдук бирикмелердин, бизнес-ассоциациялардын, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана мекендештер менен видеожыйын өткөрдү
2/3
Жолугушууда негизинен Россиянын бардык шаарларында жашап-иштеген кыргызстандыктардын актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланган
3/3
Мындан сырткары, Россияда мекендештердин санынын көптүгүн белгилеп, аларды 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Жолугушууда негизинен Россиянын бардык шаарларында жашап-иштеген кыргызстандыктардын актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланган.

"Министр өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө коомдук уюмдардын жана активисттердин салымы зор экенин белгиледи. Ошондой эле коронавирус илдети менен күрөшүүдө жардам берген мекендештерге ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Казакбаев жыйындын катышуучуларына президенттин "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө", "Жеке адамдын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө репатриациялоо тартиби жөнүндө" жарлыктарынын аткарылышы тууралуу кеңири маалымат берген.

Манжа издерин тапшыруусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт
Мындан сырткары, Россияда мекендештердин санынын көптүгүн белгилеп, аларды 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бир катар суроолорду берип, ошондой эле элчиликтин жана башкы консулдуктардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышкан.

"Жүк-200дү жеткирүү, консулдук мекемелердин кызматкерлеринин санын көбөйтүү, чартердик каттамдардын географиясын жана жыштыгын кеңейтүү, "Мекен-кардды" киргизүү, "кара тизме" көйгөйү жана башка маселелер талкууланды. Министр мигранттарды Россиянын мыйзамдарын, үрп-адатын жана тартибин сактоого чакырып, "кара тизмеден" чыгаруу жана бул чараны айыпка же башка анча катаал эмес административдик чараларга алмаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр улана турганын айткан", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу боюнча иштер ЕАЭБдин алкагында эки жана көп тараптуу форматта улана турганын белгилеген.

Мекендештердин кайрылуулары министр Руслан Казакбаев тарабынан көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0