Садыр Жапаров жакынкы күндөрү Абу-Дабиге расмий сапар менен барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация келип, аларды президент Жапаров кабыл алды
Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация келип, аларды президент Жапаров кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация келип, аларды президент Жапаров кабыл алды.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация келип, аларды президент Жапаров кабыл алды
Садыр Жапаров жакынкы күндөрү Абу-Дабиге расмий сапар менен барат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация келип, аларды президент Жапаров кабыл алды

Мамлекет башчынын маалымат кызматы делегацияны (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи жетектеп келгендигин билдирди. Аларды арасында DPWorld, MASDAR, ADQ, "Абу-Даби өнүктүрүү фонду", Royal Group, Earth Retai, Fresh Harvest компанияларынын өкүлдөрү бар экени айтылды.

Жапаров Кыргызстан БАЭ менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө, жергиликтүү экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр экенин билдирген.

Ал Кыргызстанда инвесторлорго ыдык көрсөтпөөгө маани берилерин айткан.

"Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлөт. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө. Кыргызстан өз тарабынан эмираттык бизнестин өкүлдөрүнө бардык жардамдарды көрсөтөт, тактап айтканда, ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт", — деген Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан. Маалымат кызматы президенттин жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен баруусу пландалганын кабарлады.

Президент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Токмокто Ислам академиясы ачылат. Жапаров БАЭ фондунун жетекчилерин кабыл алды
Жапаров эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргызстанда БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгилеген. Элчиликтин ачылышы Кыргызстандагы эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөрүн айткан.

БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Садыр Жапаровго БАЭнин президенти Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын, БАЭ вице-президенти жана премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жеткирген. Сухейл Мохаммед Аль Мазруи делегациянын атынан кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Аны менен катар эле БАЭнин өлкөнү өнүктүрүү боюнча идея жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендигин айткан. Ал сапардын максаты эки тараптуу кызматташтыкты өстүрүү жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу экенин белгилеп, ишти өкмөттүк деңгээлде активдештирүүнү сунуштаган.

Делегация башчысы эмирлик тараптын БАЭге товарларды жеткирүүнү жолго коюу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө соода-логистикалык борборлорду түзүү боюнча пландары бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0