Кыргызстанда октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт. Кимге канча кошулат?

© Sputnik / Алексей СухоруковПенсионер. Архив
Пенсионер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Кыргызстанда пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү пландалып жатат. Бирок бир нече жагдайга көңүл бурулушу керек.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги пенсияны жогорулатуу боюнча эки мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. 

Биринчи токтомдо пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү каралса, экинчисинде базалык бөлүгү тууралуу сөз болот. 

Биринчи долбоор —  “Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө”.

“Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн индексациялоо коэффициенти 1,08 өлчөмүндө бекитилсин. Бирок өлчөмү 4 785 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес, 4 785 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексациялансын”, — деп айтылат негиздемеде. 

Маалыматка караганда, бул максатта пайдаланылчу 830,6 миллион сом Социалдык фонддун эсебинде даяр турат. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Марипов Соцфонд менен жыл соңуна чейин пенсияны жогорулатууну талкуулады
Экинчи долбоор — “Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө”.

Мыйзам боюнча пенсиянын базалык бөлүгүнүн суммасын өзгөртүү үчүн ага чейинки жылда орточо айлык акы республика боюнча көбөйтүлүшү шарт. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы орточо айлык 18 940 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көтөрүлгөн. Ошол себептүү пенсиянын базалык бөлүгүн дагы дал ушунча пайызга көтөрүү сунушталууда. 

“Ошол эле учурда былтыркы жылдын жашоо минимумунан  (4 785 сом) жалпы пенсиянын көлөмү төмөн болгон адамдардын гана пенсиясынын базалык бөлүгүн көтөрүү сунушталууда”, — деп айтылат түшүндүрмөдө. 

Социалдык фонддун алдын ала маалыматына караганда, Кыргызстанда пенсионерлердин 48 пайызынын же 343,8 миң адамдын жалпы пенсиясы 2020-жылдагы жашоо минимумунан төмөн. Бул максатта 154,3 миллион сом керектелери жана каражат республикалык бюджетте бар экени кошумчаланды. 

Пенсия канчага көбөйөт?

Долбоордун негиздеме документинде эки бөлүктү тең көтөрүүдөн пенсионерлерге канча пайда болору айтылган. 

"Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүүдөн кийин жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сомду түзөт”, — деп айтылат документте.

Социалдык фонддун алдын ала маалыматы боюнча, 1-октябрга карата Кыргызстанда болжолдуу 715,5 миң киши пенсия алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0