БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы учурда ордо калаада кайсы көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын айтып, алардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабында борбордун 31 көчөсү оңдолуп жатат. Алар:
- Жукеев Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов жолуна чейин;
- Сухэ-Батор көчөсү, Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
- Чортеков көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Турусбеков көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
- Будённый көчөсү, Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин;
- Карасаев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;
- Кривоносов көчөсү, Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;
- Матросов көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;
- Абдымомунов көчөсү, Манас проспектинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ташкент көчөсү, Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Көкчө-Тоо көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Эркиндик проспекти, Жибек Жолу проспектинен Баялинов көчөсүнө чейин;
- Шота Руставели көчөсү, Ажыбек баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;
- Ажыбек баатыр көчөсү, Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
- Кулатов көчөсү, Каракульская көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай ата көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Жайыл баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (Арча-Бешик жаңы конушу);
- Өмүр көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Ашар жолуна чейин;
- Ашар көчөсү, Лущихин көчөсүнөн Өмүр жолуна чейин (Ак-Өргө темир жол бекети);
- Новая көчөсү, Ленская көчөсүнөн Жеңиш конушуна чейин;
- Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсү, Киргизия жолунан Кичи Чүй каналына чейин;
- Эне-Сай конушундагы Гидростроитель көчөсү;
- Маликов көчөсү, Гагаринден Лев Толстойго чейин;
- Кара-Жыгач конушундагы Дордой көчөсү, Анкара жолунан Достоевский көчөсүнө чейин;
- Ак-Ордо конушундагы Каркыра көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин;
- Ынтымак конушундагы Стадионная көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Магистральная көчөсүнө чейин;
- Арча-Бешик жаңы конушундагы Баба-Ата көчөсү, Бакаев көчөсүнөн Садырбаев жолуна чейин;
- Ак-Өргө конушундагы Жолон көчөсү, Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;
- Тимур Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;
- Шабдан баатыр көчөсү, Ауэзов жолунан Миң-Булак көчөсүнө чейин.
- "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы 10 көчөнү оңдоп жатканы айтылды. Алар:
- Гражданская көчөсү, Курманжан датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов жолуна чейин;
- Армия көчөсү, Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин;
- Каховская көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Кривоносов жолуна чейин;
- Месарош көчөсү, жээкке чейин;
- Веселая көчөсү, Жибек Жолу проспектинен Салиев көчөсүнө чейин;
- Алтын-Ордо жаңы конушу, Алтын-Ордо 3-көчөсү;
- Алтын-Ордо жаңы конушу, Алтын Ордо 6-көчөсү;
- Мыскал көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Мидин жолуна чейин;
- Кой-Таш конушу, Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров жолуна чейин;
- Республиканский көчөсү, Окрайная көчөсүнөн (ЧЧК) Мыскал жолуна чейин.