Кол булгап, сүрөткө түшүп... Токиодон келген спортчулардын жайдары сүрөттөрү

Жазылуу
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды.

Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Бир нече күйөрманы жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.

"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты. Бул жерде ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Аларды куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан катышып келген спортчуларды тосуу аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи
Мамлекет башчы улуттук команданы ийгиликтүү келиши менен куттуктап, кыргыздын баатыр кыздары Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын руху тирүү экенин белгиледи. Муну Тыныбекова менен Жуманазарованын жеңиши делилдеп турганын айтты. Ал эми Акжол Махмудовдун өзгөчө ыкмаларына баа берди.

Кыргыз балбандары эки күмүш, бир коло тагынып келишти. Өлкөнүн эгемен тарыхында атлеттер биринчи болуп Олимпиададан үч медаль утуп жатат. Кыз-келиндер арасында дагы буга чейин бир да спортчу байгеге жеткен эмес. Жаңы тарыхты Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова жазды. Ал эми Акжол Махмудов 13 жыл мурунку тарыхты кайталады. Анда Пекин Олимпиадасында грек-рим көрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш уткан эле.

Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Эң акыркысы болуп 42 чакырым, 195 метрге чуркаган Дарья Маслова жыйынтыктады. Ал 88 жөө күлүктүн ичинен марага 36-болуп келди.

© Sputnik / Табылды КадырбековТокио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
1/17
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди
© Sputnik / Табылды КадырбековАтлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды
Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
2/17
Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды
© Sputnik / Табылды КадырбековОлимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу "ыйлабаңыз, апа!" деп энесин кубаттады.
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу ыйлабаңыз, апа! деп энесин кубаттады. - Sputnik Кыргызстан
3/17
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу "ыйлабаңыз, апа!" деп энесин кубаттады.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган.
Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган. - Sputnik Кыргызстан
4/17
Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган.
© Sputnik / Табылды КадырбековОлимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.
Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту. - Sputnik Кыргызстан
5/17
Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты
Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты - Sputnik Кыргызстан
6/17
"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.
Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту. - Sputnik Кыргызстан
7/17
Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.
© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова.
Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. - Sputnik Кыргызстан
8/17
Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде
Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде - Sputnik Кыргызстан
9/17
Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде
© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди
Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди - Sputnik Кыргызстан
10/17
Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып "Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым" деп кечирим сурады.
Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым деп кечирим сурады. - Sputnik Кыргызстан
11/17
Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып "Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым" деп кечирим сурады.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.
Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды. - Sputnik Кыргызстан
12/17
Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.
© Sputnik / Табылды КадырбековКаныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес.
Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес. - Sputnik Кыргызстан
13/17
Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес.
© Sputnik / Табылды КадырбековДенис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды
Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды - Sputnik Кыргызстан
14/17
Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды
© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады - Sputnik Кыргызстан
15/17
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган
Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган - Sputnik Кыргызстан
16/17
Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду
Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду - Sputnik Кыргызстан
17/17
Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду
Жаңылыктар түрмөгү
0