Баткенде үйүндөгү мончосуна сойкукана уюштурган аял кармалды

© Sputnik / Олег ЛасточкинМочнодогу кыздар. Архив
Мочнодогу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Үйдү текшерүү учурунда акчага төшөк кызматын көрсөтүп жүргөн беш аял аныкталган. Сойкукананы уюштурууга шектелип кармалган аял камакка алынды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Баткен облусунда жеке турак үйдөгү мончону сойкуканага айланткан факт аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
УКМК Бишкектеги 15 вебкам-студияны басып кирди. Тинтүү учурундагы видео
Аталган жай Кызыл-Кыядан табылган. Мыйзамсыз "бизнес" негиздөөгө шектелип 33 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда Оштон келген жана кызыл-кыялык беш сойку табылганы айтылды.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси ("Сойкукана уюштурууга катышуу") менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Колго түшкөн 33 жаштагы аял милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0