00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:07
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мекенди кантип сүйүш керектигин үйрөттүң! Айсулуу Тыныбековага жолдонгон кат

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан  Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Өмүргүл Токтоназарова редакциябызга Айсулуу Тыныбековага арналган кат жиберген. Биз кошумчалоо менен катты жарыялоону туура таптык.

Ал башын жерге салып ыйлап жатты. Көзүндөгү муң-кайгы баарыбызга байкалып турду. Миңдеген чакырым алыстыкта, экран артында отуруп бул спортчу кыз көптөгөн тааныштарыңан дагы жүрөгүңө жакын сезилет экен. Ар дайым күчтүү жана салмактуу жүргөн Айсулуу бул ирет эмоциясын кармай албады. Жеңишке бир гана кадам калды эле... Ал көп жылдык машыгууларына, жеке жашоосун экинчи орунга койгонуна өкүнгөн жери жок. Бир гана "аны жеңип алмакмын" деген ой жеп койду көрүнөт. Чынында эле ал күчтүү эмеспи. Көптөр ага ишенет. Эми жоопкерчилик жүгү аны басып, кысып, экинчи орун алганына кубанууга жол бербей жатат.

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан катышып келген спортчуларды тосуу аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи
Алтыным, сенин көз жашың бардык алтындан баалуу. Күмүш – бул дагы абдан чоң жетишкендик! Эгер билсең, сен мамлекет үчүн, өсүп келе жаткан муун үчүн болуп көрбөгөндөй үлгү болуп, медалдан артык иш жасадың. Айсулуу, сен мекенди кантип сүйүш керектигин үйрөттүң! Мунун баарын унчукпай жүрүп үн-сөзү жок, мактанбастан жасадың. Өзүңдү аяган жоксуң. Ар бир күнүңдү спортко арнадың. Эх, жүздөн бирибиз сага окшоп Кыргызстанды сүйүп, жоопкерчиликти сезип кызмат кылганда өлкөбүз кандай гана чоң жетишкендиктерге жетер эле.

Сени менен биргеликте ардак, сый пьедесталына чыкканыбыз үчүн рахмат! Элди бириктиргениңе рахмат! Кээ бирлер ыраазычылыгын билдирүү үчүн "Ала-Тоо" аянтына келишти. Айылдыктар менен шаардыктарды, жалал-абаддыктар менен нарындыктарды, деги койчу, бүтүндөй кыргызстандыктарды бир муштумдай бириктиргениң үчүн рахмат! Сен тарыхка гана жазылбастан, миллиондогон кыргызстандыктардын жүрөгүнөн түнөк таптың. Алтыным, буюрса баары жакшы болот. Ишен, сен биз сыймыктанган адамсың!

Эң сонун эмоциялар үчүн рахмат! Сенин артың менен башыбызды бийик көтөрдүк. Эң башкысы, Кыргызстанды ушунчалык сүйгөнүң үчүн рахмат! Биз мунун баарын сезип, билип турабыз.

Сенин кайгың — биздин кайгы, сенин жеңиштериң — биз үчүн кубаныч. Рахмат сага!

Мекениңе кош келдиң, Айсулуу!

Жаңылыктар түрмөгү
0