Жүрөктүн үшүн алган сел жээктеги курулуштарды агызып кетти. Кара-Суудагы видео

© AFP / INA FASSBENDERСелдин кесепети. Архив
Селдин кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Кара-Сөгөт айылында сел бир үйдү тешип кирген. Бактыга жараша, ал үйдө жашаган алты адам жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

4-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел топтолуп келип, Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарын каптаган.

"Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары жана 27 кишиден турган ыкчам топ тазалоо иштерин жүргүздү. Кара-Сөгөт айылында сел бир үйдү тешип кирген. Бактыга жараша, ал үйдө жашаган алты адам жабыркаган эмес", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ суу айылдардагы жолдун бир топ жерин жеп кеткенин, бирок каттам бар экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0