Алмазбек Бейшеналиев ДССУнун башкы директору менен жолукту. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Швейцариядагы элчиси Алмазбек Бейшеналиев. Архив
Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Алмазбек Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Тараптар COVID-19га каршы эмдөө тармагындагы маселелерди, ошондой эле ДССУнун Кыргызстанда жүргүзгөн долбоордук иш-чараларын талкуулашкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана өлкөнүн БУУнун Женевадагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус менен жолукту. Бул тууралуу Бейшеналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер талкууланган.

"ДССУнун башкы директоруна уюм тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирдим. Мындан тышкары, COVID-19га каршы эмдөө тармагындагы маселелерди, ошондой эле ДССУнун Кыргызстанда жүргүзгөн долбоордук иш-чараларын талкууладык. Атап айтканда, башка жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү чөйрөсү, калктын психикалык ден соолугун жакшыртуу, иммундаштыруу жана аялдардын репродуктивдүү ден соолугун чыңдоо сыяктуу маселелер көтөрүлдү", —  деди ал.

Ал эми Тедрос Гебрейесус кыргыз тарапка COVID-19 менен күрөшүүдө тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ДССУ Кыргызстанды ар тараптуу колдоону улантууга даяр экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0