Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка киришти. Видео

© Sputnik / Илья ПиталевАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Калаада 45 мандатка жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Натыйжада төрт партия жети пайыздык босогодон ашып, жеңүүчү аталган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка расмий түрдө киришти.

Депутаттык күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жана Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров тапшырды.

Иш-чарага калаа мэринин милдетин аткаруучу болуп барган Алмаз Мамбетов жана экс-мэр Таалайбек Сарыбашев дагы катышты.

Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Ошто "Биздин Кыргызстанга" мандат тиет. Партия БШКны Жогорку соттон да утту
Ош шаардык кеңешине 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 11-июлдагы кайра шайлоодо сегиз партия ат салышты. Натыйжада төрт партия жети пайыздык босогодон ашып жеңүүчү аталды.

Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына - 19, "Биздин Кыргызстанга" - 15, "Улуттар Биримдигине" - 7 жана "Бир Болго" 4 мандат тийди.

Депутаттар саат 14:00дө алгачкы жыйынын өткөрүп, төраганы шайлоо күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0