Кыргызстанда банктарга салынган акча 200 миллиард сомдон ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Депозиттин жалпы көлөмү бул айда рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Май айынын аягында ал 193,3 миллиард сом деп бааланган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 2021-жылдын июль айынын аягына чейин Кыргызстандын банктарына салынган аманаттын көлөмү 200 миллиард сомдон ашкан. Мындай жыйынтыкка Улуттук банктын маалыматтарын карагандан кийин келүүгө болот.

Улуттук банк депозиттеги каражаттарды каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акчалар да киргизилген. Аманат каражаттар жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Кыргызстанда депозит чени көбөйдү, насыя үстөгү өспөйбү?
Июль айынын аягына карата депозиттердин көлөмү 201 миллиард 820,8 миллион сом деп бааланган. Анын ичинен 114,8 миллиарды улуттук валютада, калганы чет элдик валютада сакталган.

Белгилей кетсек, депозиттин жалпы көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Май айынын аягында ал 193,3 миллиард деп бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0