Бишкек: 18 жаштагы кыз бычакталып, шектүү 5-кабаттан секирген

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на человека с ножом
Случаи нападения на человека с ножом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Милицияга Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын бычакталганы боюнча маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте бычакталган 18 жаштагы кыз көз жумганын Свердлов райондук милиция билдирди.

20-июлда милицияга Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын бычакталганы боюнча маалымат түшүп, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жөнөп кеткен.

"Батирден көкүрөгүнө бычак жеген 2003-жылы туулган Т. К. аттуу 18 жаштагы жаран табылган. Тез жардам ооруканага алып барганы менен, тилекке каршы, каза болуп калды", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде ("Адам өлтүрүү") иш козголгон.

"Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган М. Б. аттуу жаран айтылып жатат, ал бешинчи кабаттагы батирлердин биринен секирип кеткен", — деп билдирди милициядан.

Жерге түшкөндөн кийин буту сынып, мээси чайкалып, шаардагы ооруканалардын бирине түшкөн.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0