Салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындаганын эскертти

© Sputnik / Жоомарт УраимовКалькулятор жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Калькулятор жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Салыктарды банк кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка жабдуулар аркылуу төлөсө болот.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертти.
Анда айтылгандай, ушул жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин турак үйлөр, батирлер (ишкердик максатта колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.
Киши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Пресс-борбор
Жаңы тариф боюнча электр кубаты менен жылуулуктун төлөмү канчага көбөйөт
Жарандар салык органына барбай эле төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Акчаны каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.
Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер — электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.
Салык кызматы бул боюнча толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0