Бир суткада 1092 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 3 209 бейтап медициналык жардам алууда. Анын ичинен 140 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 092 кишиден коронавирус табылып, 558 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 602;
  • Ош – 60;
  • Чүй облусу – 177;
  • Ош облусу – 47;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 12;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 70.
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 123 038ге жетти. Анын ичинен 109 511 киши дартты жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек – 226;
  • Ош ш. – 100;
  • Чүй облусу – 101;
  • Ош облусу – 46;
  • Талас облусу – 12;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 21;
  • Баткен облусу – 21.
  • Тилекке каршы, бир сутка ичинде 10 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
  • Бишкек – 4;
  • Чүй – 3;
  • Талас – 1;
  • Ысык-Көл – 1;
  • Жалал-Абад – 1.
Азыркы тапта ооруканаларда 3 209 бейтап медициналык жардам алууда. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 140 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Бир суткада 27 медиктен коронавирус аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0