"Спутник V" менен эмделүүгө болбой турган дарттардын тизмеси

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүү"Спутник-V" вакцинасы. Архив
Спутник-V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Вакцина жасалган изилдөө борборунун жетекчиси онкологиялык оорулар иммунизация үчүн каршы тоскоолдук жаратчу көрсөткүч болбошу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жүрөк-кан тамыр оорулары, бронхиалдык астма, С гепатити, ремиссия стадиясында турган онкологиялык илдет менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын сайдыра алат. Ал эми бөрү жатыш, конъюнктивит менен жабыркагандар, ошондой эле кайсы бир илдет курчуп турган учурунда препаратты сайдырбай туруу керек. Бул тууралуу Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург айтканын РИА Новости жазды.
"Жүрөгү ооругандар биринчи кезекте эмделиши керек, анткени алар тобокелдик тобунда. Кардиологго эмес, түз эле вакцина алууга баруу зарыл", — деди Гинцбург.
Ал ошондой эле бронхиалдык астма, С гепатити жана жайлап калган онкологиялык дарттар вакцинадан баш тартууга негиз болбошу керектигин белгилеген. Бирок кандай гана оору болбосун курч стадиясында болсо, албетте, эмделбей туруу оң.
"Онкологиялык оору иммунизацияга тоскоолдук болбошу керек. Цитостатиктин негизинде химиотерапия алып жаткан бейтап үчүн деле вакцинанын зыяны жок, бирок тийиштүү натыйжага жетишүү мүмкүн эмес, башкача айтканда, антитело пайда болбойт", — деди илимпоз.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Вакцина тукумсуздукка кептейби? Расмий жооп
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында "Спутник V" вакцинасын каттаган. COVID-19га каршы бул препаратты Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.
"Спутник V" адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет. Ошондой эле Россияда "ЭпиВакКорона", "КовиВак" жана "Спутник Лайт" вакциналары бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0