https://sputnik.kg/20210615/kyrgyzstandan-eksporttolgon-altyndyn-kolomu-azaydy-1052864156.html
Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү 3 тоннага азайды. Себеби
Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү 3 тоннага азайды. Себеби
Sputnik Кыргызстан
Алтындын экспорту көлөмү жагынан да, акчалай да кыскарды. Кымбат баалуу металлды казуунун азайышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле... 15.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-15T10:43+0600
2021-06-15T10:43+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
кумтөр
алтын кени
экспорт
алтын
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052521843_0:320:3073:2048_1920x0_80_0_0_3c604df86f165bc3d632e4abcbc4eca7.jpg
БИШКЕК,15-июн. — Sputnik. Акыркы төрт айдын жыйынтыгын алып караганда Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 тонна 77,7 килограммга аз болду. Мындай көрүнүш биринчи ирет байкалып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика боюнча комитеттин маалыматында айтылат.Эске салсак, бул кымбат баалуу металлды казуунун кыскарышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кумтөр алтын кенинен аталган продукцияны алуу 4,3 пайызга кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. Буга тоо тектин курамында алтын аз болгон жерде казылып жатканы себеп дешкен.Министрлик өлкөдөгү эң ири делген алтын кенинде 16 тоннадан ашык алтын казыларын божомолдогон (былтыркы көлөм 17,7 тонна). Ал эми "Кумтөр голд компани" өзүнүн божомолунда 14,62-15,86 тонна болушу мүмкүн деген убадасын берген.Баалуу металлдын көлөмүнүн кыскарып же көбөйүп кетиши боюнча башка факторлор да бар. Эске салсак, "Кумтөргө" инвесторлордон тышкаркы башкаруу киргизилген. Бул окуя май айында болгон.
https://sputnik.kg/20210520/uluttuk-bank-kumtordon-altyn-ala-ehlek-1052558132.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052521843_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_77045f8347b7ebf1c907914009009c5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, кумтөр, алтын кени, экспорт, алтын
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, кумтөр, алтын кени, экспорт, алтын
Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү 3 тоннага азайды. Себеби
10:43 15.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Алтындын экспорту көлөмү жагынан да, акчалай да кыскарды. Кымбат баалуу металлды казуунун азайышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен.
БИШКЕК,15-июн. — Sputnik. Акыркы төрт айдын жыйынтыгын алып караганда Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 тонна 77,7 килограммга аз болду. Мындай көрүнүш биринчи ирет байкалып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика боюнча комитеттин маалыматында айтылат.
Эске салсак, бул кымбат баалуу металлды казуунун кыскарышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кумтөр алтын кенинен аталган продукцияны алуу 4,3 пайызга кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. Буга тоо тектин курамында алтын аз болгон жерде казылып жатканы себеп дешкен.
Министрлик өлкөдөгү эң ири делген алтын кенинде 16 тоннадан ашык алтын казыларын божомолдогон (былтыркы көлөм 17,7 тонна). Ал эми "Кумтөр голд компани" өзүнүн божомолунда 14,62-15,86 тонна болушу мүмкүн деген убадасын берген.
Баалуу металлдын көлөмүнүн кыскарып же көбөйүп кетиши боюнча башка факторлор да бар. Эске салсак, "Кумтөргө" инвесторлордон тышкаркы башкаруу киргизилген. Бул окуя
май айында болгон.