Көз жумгандар 50гө жетти. Пакистанда поезддер кагышкан кырсыктын видеосу

Жазылуу
Пакистандагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны 50 кишиге жетти. Маалыматтарга караганда, алардын көбү уктап бара жаткан учурда эки поезд кагышкан.
Окуя эртең менен Пакистандын түштүгүндө болгондугун, жарадарлардын саны азырынча 100 адам деп берилип жатканын RT кабарлады.
РИА Новости аймакты так атап, адамдар Синд провинциясындагы темир жолдо каза тапканын билдирди. Маалыматта экспресс-поезд маңдай жактан келе жатып, рельстен чыгып кеткен поезд менен кагышкан.
23 кишинин өмүрүн алган Мехикодогу көпүрө кырсыгы. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
23 кишинин өмүрүн алган Мехикодогу көпүрө кырсыгы.  Видео
Окуяга күбө болгондордун айтымында, жүргүнчүлөрдүн көбү ал учурда катуу уктап келе жаткан. Кагышуунун кесепетинен 12 вагон рельстен чыгып кеткен. Бир локомотив менен төрт вагон таптакыр эле талкаланып калган.
Учурда куткаруучулар талкаланган темирлердин арасынан адамдарды издеп жаткандыгы айтылды.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан бул окуяга шок болгондугун билдирип, өлкөдөгү темир жолдордун бардыгынын коопсуздугун текшерип чыгууга буйрук берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0