https://sputnik.kg/20210604/zhaparovdun-atyna-zhamyngandar-1052721838.html
Жапаровдун атына жамынгандар болууда. Президенттин администрациясы эскертүү берди
Жапаровдун атына жамынгандар болууда. Президенттин администрациясы эскертүү берди
Sputnik Кыргызстан
Айрымдар өзүн Жапаровдун жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып жатканы... 04.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-04T10:16+0600
2021-06-04T10:16+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
окуялар
садыр жапаров
президент
кайрылуу
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0a/1051039909_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_36e235515b74b3e87ca59614966866ae.jpg
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жеке маселесин чечкен адамдар болууда. Эгер мындай адамдарды байкап калсаңар же кысым көрсөтсө, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Мындай кайрылууну президенттин маалымат кызматы жасады.Билдирмеге караганда, айрым абийирсиз адамдар өзүн Жапаровдун жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып жатат.Президенттин маалымат кызматы буга чейин да Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керектигин эскерткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0a/1051039909_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_d88310131828f6539f6a79698f9843e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, садыр жапаров, президент, кайрылуу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, садыр жапаров, президент, кайрылуу
Жапаровдун атына жамынгандар болууда. Президенттин администрациясы эскертүү берди
10:16 04.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Айрымдар өзүн Жапаровдун жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жеке маселесин чечкен адамдар болууда. Эгер мындай адамдарды байкап калсаңар же кысым көрсөтсө, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Мындай кайрылууну президенттин маалымат кызматы жасады.
Билдирмеге караганда, айрым абийирсиз адамдар өзүн Жапаровдун жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып жатат.
"Президент буга чейин эле мындай кишилер, ал тургай туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз. Ошондуктан мамлекет башчынын атын пайдаланып жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Президенттин маалымат кызматы буга чейин да Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керектигин эскерткен.