https://sputnik.kg/20210603/grek-rim-balbandary-t-rkiyadagy-turnirge-barat-1052704723.html
Грек-рим боюнча күрөштүн балбандары Түркиядагы мелдешке Грузиядан даярданышат
Грек-рим боюнча күрөштүн балбандары Түркиядагы мелдешке Грузиядан даярданышат
Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы беттешке 12 балбан катышат. Мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында Бакуриани шаарында машыгуу өткөрүшөт. 03.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-03T09:04+0600
2021-06-03T09:04+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
түркия
грузия
грек-рим күрөшү
балбан
машыгуу
https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051514912_0:82:3072:1820_1920x0_80_0_0_bc272c24a2f67fab21496da76627daad.jpg
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Түркиядагы Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.Эл аралык турнир 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт.Спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Бакуриани шаарында (Грузия) машыгуу өткөрүшөт.Турнирге жана машыгууга 12 атлет катышат:Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.
түркия
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051514912_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_3a0d373e978c0039b2fe31011c43e75e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, түркия, грузия, грек-рим күрөшү, балбан, машыгуу
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, түркия, грузия, грек-рим күрөшү, балбан, машыгуу
Грек-рим боюнча күрөштүн балбандары Түркиядагы мелдешке Грузиядан даярданышат
09:04 03.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Стамбулдагы беттешке 12 балбан катышат. Мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында Бакуриани шаарында машыгуу өткөрүшөт.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Түркиядагы Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Эл аралык турнир 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт.
Спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Бакуриани шаарында (Грузия) машыгуу өткөрүшөт.
Турнирге жана машыгууга 12 атлет катышат:
- Жоломан Шаршенбеков — 60 кг;
- Амантур Исмаилов — 67;
- Марлен Асыкеев — 67 кг;
- Руслан Царев — 72 кг;
- Акжол Махмудов — 77;
- Акылбек Талантбеков — 77 кг;
- Калидин Асыкеев — 82 кг;
- Атабек Азисбеков — 87 кг;
- Азат Салидинов — 87 кг;
- Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
- Бексултан Махмудов — 97 кг.
Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.