https://sputnik.kg/20210502/bir-zhumaga-karata-aba-yrajy-1052352891.html
8-майга чейин аба ырайына божомол
8-майга чейин аба ырайына божомол
Sputnik Кыргызстан
Апта ичинде аба ырайы өзгөрүлмөлүү боло турганы айтылды. Жуманын биринчи жарымында көпчүлүк облустарда жаан жаабайт. 02.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-02T09:12+0600
2021-05-02T09:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
кыргызгидромет
аба ырайы
божомол
https://sputnik.kg/img/104596/69/1045966997_0:15:2447:1399_1920x0_80_0_0_f412e1a49b430da6fd0c4a4d97145e45.jpg
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.Ага ылайык, борбор калаада аптанын биринчи жарымына чейин күн ачык болуп, 6-майда тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду.2-5-майга чейин жана 6-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. 6-майда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганы айтылды.Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.Ысык-Көлдө 2-майда жаан жаабайт. 3-майда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү 4-6-майга чейин күн ачык болору божомолдонду. Ал эми Нарында 2-майда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүү мүмкүн. 3-майдан баштап Нарын облусунда күндүн көзү ачылары айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 7-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарына жаан жааса, 8-майда күн кайра ачылары божомолдонду.
https://sputnik.kg/20210501/maj-ajyna-karata-aba-yrajy-2021-1052337844.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104596/69/1045966997_0:0:2447:1538_1920x0_80_0_0_c5466907ec66b743c8896b8ff463de06.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, божомол
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, божомол
8-майга чейин аба ырайына божомол
09:12 02.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Апта ичинде аба ырайы өзгөрүлмөлүү боло турганы айтылды. Жуманын биринчи жарымында көпчүлүк облустарда жаан жаабайт.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, борбор калаада аптанын биринчи жарымына чейин күн ачык болуп, 6-майда тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду.
2-5-майга чейин жана 6-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. 6-майда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганы айтылды.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Ысык-Көлдө 2-майда жаан жаабайт. 3-майда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү 4-6-майга чейин күн ачык болору божомолдонду. Ал эми Нарында 2-майда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүү мүмкүн. 3-майдан баштап Нарын облусунда күндүн көзү ачылары айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 7-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарына жаан жааса, 8-майда күн кайра ачылары божомолдонду.