00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
«Кызым» тасмасы: балдардын коопсуздугу тууралуу коомду ойготкон жаңы фильм
19:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Максимальный репост
Что будет с рынками ЕАЭС на фоне кризиса на Ближнем Востоке
20:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбаев: элечекти турмушка чыккан аял гана кие алат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун менеджери Дөөлөт Рысбаев. Архив
Кийиз Дүйнө коомдук фондунун менеджери Дөөлөт Рысбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун менеджери Дөөлөт Рысбаев аталган фонд "Элечек" аттуу китеби менен улуттук сынакта жеңишке жетишкенин маалымдады.
Коомчулукта элечекти жашы улгайгандар киет деген жаңылыш пикир калыптанып калган. Чынында аны турмушка чыккан аял гана кие алат. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Рысбаев: элечекти турмушка чыккан аял гана кие алат
Анын айтымында, кыргыздар көчмөн эл болгондуктан элечектин кездемесин ар кандай жагдайда колдонгон.
"2005-жылдан бери атайын улуттук сынак өтүп келет. Ал иш-чарага буга чейин бир нече жолу катышканбыз. Быйыл аялзатынын улуттук баш кийимине арналган "Элечек" деген китеп менен баш байгени багынта алдык. Аталган китепте аймактык, уруулук, чет жактардагы кыргыздардын өзгөчөлүгү көрсөтүлүп, жалпысынан элечектин 20 түрү бар. Салттуу билимдин алып жүрүүчүлөрү, тарыхый сүрөттөр, этнографиялык маалыматтардын негизинде жазылган. Анткени элечекти ороодо ар бир аймактын өзгөчөлүгү болгон. Аларды адаштырбай жеткирүү зарыл. Элечектин өзүнүн маани-маңызы, тарых-таржымалы бар. Кыргыз эли көчмөн болгондуктан зарылчылык жаралган учурда анын кездемеси кепин катары колдонулган. Мындан тышкары, бала төрөлүп калса, аны орогонго же жарат алгандарды таңуу үчүн дагы пайдаланылган. Соңку убактарда элечекти жашы улгайгандар эле киет деген жаңылыш пикир калыптанып калды. Чынында аны турмушка чыккан аял гана кийген. Кийин Союз учурунда талаа иштерине аялдар дагы чыгып калганда элечек ыңгайсыздык жаратып, чечүүгө мажбур болушкан. Ал эми улгайган аялдар үйдө отургандыктан алар кийип жүрүшкөн. Мындан улам жогорудагыдай пикир элге сиңип кеткен", — деди Рысбаев.
Ошондой эле ал китеп үч тилде жарык көргөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0