Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПакет көтөрүп бараткан аял. Архив
Пакет көтөрүп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Бул макала сизди кооптондуруу, бүлүк түшүргөн сезимдерди жаратуу үчүн жазылган жери жок. Чубалган цифралар да, ар кандай эксперттердин пикири да камтылбады. Автор тек гана кырдаалга баам салып, көмөк көрсөтүүнүн жолун издеген.
Чындыгында каатчылык болору деле белгисиз, качан болорун эч ким так айтып бере албайт. Дүйнөлүк каржылык рынокторунун кыйрашы жөнүндө жоромол толтура, бирок божомол берекеси жок иш эмеспи. Бул кыргызстандыктардын турмушуна кандай чагылары анык эмес. Биз 1990-жылдан тарта эле каатчылыкта же аны менен "катарлаш" жашап келгендейбиз. Каатчылык сизге кандай таасир этип, кандай тармактар жабыр тартарын да болжош татаал. Бирок кандай болсо да кыйынчылыктарга туруштук берүүнүн камын ойлоп коюу ашыктык кылбастыр. Баанын көтөрүлүшүнө, маяна булагынан ажырап калууга даяр болуп, бирок андай күндө да эбин таап эптештирмейди билип, каражатыңызды сизге таянган жакындарыңызды багууга жеткире билгендей дараметте болуңуз.

Карыздар

Эң жаманы — каатчылыкты карыз, насыя же ипотека менен тосуп алуу. Колуңуздан келишинче мындай түйшүктөрдөн арылуунун жолдорун издеңиз. Чыгымдарды талдап чыгууга (эгер таптакыр эсеп жүргүзбөсөңүз, анда баштаганыңыз оң) жана аларды кыскартууга туура келет, маселен, көңүл ачуудан баш тартыңыз. Кошумча киреше булактарын табуу маанилүү. Эгер батир ижаралап жашасаңыз, ыңгайы келсе убактылуу ата-энеңиздикине барып турганыңыз оң чыгар.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
Ал эми азык-түлүктөн сарамжалдайм деген ойдо болсоңуз, анын тобокелдиктери боюнча да туура акыл калчаңыз. Тамактануунун сапаты начарлап кете турган болсо, орто жана узак мөөнөттүү планда кесепети ары кооптуу, ары кымбат да болушу мүмкүн.
Каатчылыкка мойнуңуздагы насыя же ипотека менен кабылсаңыз эмне болот? Мындай учурда банкка барып, карызыңыздын түзүмүн өзгөртүп же кайра каржылоонун варианттарын издөөгө аракет кылуу абзел. Карызыңызды жапканыңыз банк үчүн да пайдалуу, андыктан каатчылыкта ал сизге жагдайдан чыгуунун жолун издөөгө кол кабыш кылар.

Тыйын топтоо

Акча топтоо — бул негиз. Эгер карыздарыңыз жок, бирок капиталыңыз болбосо, "каатчылык фондуна" чогулта бергениңиз дурус. Капыстан киреше булагыңыз бүтөлүп кала турган болсо, жашоого канча акча керек болорун болжол менен эсептеп чыгыңыз. Өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө куру дегенде 3-4 ай кам санабай жашоого жете турган каражат коруңуз болгону жакшы. Бул убакыт аралыгында тыйын табуунун башка варианттарын таап калат чыгарсыз. Эгер кирешеден тышкаркы акча (сый акы, кошумча маяна, күтүлбөгөн киреше) болсо, аны да сарптап жибербестен чогултканыңыз жакшы.
Акча топтоого мүмкүндүк болбой жатабы? Айлык колго тиери менен бир бөлүгүн катып коюуну акырындап адатка айландырыңыз. Бул ыкма "адегенде өзүңө төлөө" деп мүнөздөлөт.
Көп кабаттуу үйдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Кыймылсыз мүлккө акча салуу пайдалуубу? Артыкчылыгы, кемчилиги
Чогулткан тыйыныңыз болбосо, кыйын кырдаалда карызга батып, насыя алып, өкмөттөн көмөк күтүүгө туура келет.... Мунун сизге кереги барбы? Кийин азабын тарткандан көрө азыр камын ойлогонуңуз оң эмеспи.
Капитал топтоо "каалоолоруңузду" тыя билүүгө тынымсыз тырышуу экенин эске түйүңүз. Айына 2-3 миң сомдон бөлүп турсаңыз деле жыл соңунда бир кыйла каражат чогулуп калышы ажеп эмес.

Жагдайы түзүк адамдар үчүн

Эгер жыйнаганыңыз жетиштүү, бересеңиз жок болсо, анда өнүгүү үчүн каражат чогултууну баштаңыз. Экономиканын кайсы тармактары жабыр тартары анык эмес, бирок бир каалга жабылса, башкасы ачыларын унутпаңыз. Мүмкүн кыймылсыз мүлк, чет элдик компаниялардын акцияларын, пайдалуу облигацияларды, бизнестен үлүштү арзан сатып алат чыгарсыз. Балким, кайсы бир ийгиликтүү багытка акча салып көбөйтүүгө мүмкүнчүлүккө туш болуп каларсыз. Бирок диверсификация да жадыңызда болсун, үрөндүн баарын бир кампага жыйып болбойт. Каатчылык — бул абалдын начарлашы гана эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да убагы. Эң башкысы — андай шарттарды көрө билип, аларды пайдаланууга даяр болуу.

Акчаны кандай валютада кармаган оң?

Киши доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Финансист аманатты доллар менен сактагандарга кеңеш берди

Көпчүлүк доллар топтоп алып, айырмасынан акча таап, куру дегенде каражатты сактап калат. Бирок тобокелдиктерди да эске алыңыз. Доллар кармалып турарына же кымбаттап кетерине эч ким кепилдик бербейт. Бул эл аралык валютанын куну түшүп кетиши да толук ыктымал.

Эгер чыгымдарыңыз сом түрүндө болсо, акчанын баарын долларга айырбаштоонун кажети жок. Ооба, сомдун куну кылдын учунда турганда кайдыгер караш кыйын. Бирок башынан эң зарылдарын аныктап алып, пландап жана аны бекем кармансак, карыздардан кутулуп, кризистик фонд түзүп, өнүгүү үчүн акча топтоп алганда каатчылыкка туруштук берүү алда канча жеңилирээк.

Каатчылыкты кабылдай билүү

Тарых көрсөтүп тургандай, каатчылык — кадыресе көрүнүш. Экономика циклдүү багыт болгондуктан, эртеби-кечпи рынок өрүш алат. Азыркы учурдагы кадамдарыңыз келечегиңизди аныкташы ыктымал. Балким, кымгуут түшкөн кырдаалга да тушугуп калышыңыз мүмкүн. Эгер кокус башыңызга андай күн түшсө, сабак алып, күчтүү болууга тырышыңыз. Эгер баам сала билсеңиз, ар бир жагдайдан туура жыйынтык чыгара аласыз.
Ошону менен бирге эле өмүр сүрүүнү да унуткарбаңыз. Жашоодон ырахат алуу үчүн сөзсүз эле капчыгыңыздын калыңдыгы зарыл эмес. Бакыт — бул дүйнөгө болгон көз карашыңыз, аны кабыл ала билиңиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0