Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жана муктаж жарандар үчүн дарыканалар ачылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБет капчан киши аптеканын жанында. Архив
Бет капчан киши аптеканын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Аталган дарыканалар калаа тургундары үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарында ачылары айтылды.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар үчүн дары-дармектерди арзандатылган баада саткан дарыканалар уюштурулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Аталган дарыканалар шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарында ачылат. Бүгүнкү күндө даярдык иштери жүрүп, дары саткан фирмаларга конкурс жарыяланганы айтылды.
"Дары-дармектер 1-2-3-топтогу майыптарга 30 пайыз, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 пайыз, башка жарандарга рецепт болгон учурда 10 пайызга арзан сатылат. Мындай жеңилдиктер шаар тургундары үчүн гана каралган", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин түштүк филиалы менен мэриянын атайын жумушчу тобу иш алып барууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0