ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика

Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келгендердин иштеп жатканына беш жарым жыл болду. Бул аралыкта 120 креслого 185 адам отурууга үлгүрдү. Бул парламентарийлердин жарымынан көбү мөөнөтү аяктаганча иштебегенин түшүндүрөт.

Sputnik Кыргызстан төмөнкү инфографикада 65 депутаттын мандатын тапшырууга эмне себеп болгонун түшүндүрүп бермекчи.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо алты партия утуп чыккан. Эң көп добуш алганы — 38, арты 11 мандатка ээ болгон.

КСДПнын 38 мандаты бар, бирок ушул кезге чейин партиянын 52 мүчөсү депутат болууга жетишти. Көпчүлүк партия тизмесинин №100 катарында турган талапкерге мандат жетпейт деп ойлошу мүмкүн. Бирок муну "Республика — Ата-Журттун" мүчөсү Айгерим Бешимбаева четке кагат. Себеби ал №103 болуп турганына карабай былтыр депутат болуп келген. Негизи бул партия 28 мандатка ээ, учурда 39 мүчөсү депутат болду.

Депутат Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Чириги, көгү бар. Сулайманов партиялык системаны ящиктеп алган алмага салыштырды
"Кыргызстан" партиясы да "Республика — Ата-Журттан" кем калган эмес, тизмеде №96 катарда турганы депутат болуп калды. Башкача айтканда 18 депутаттык креслого 39у отуруп, 21 ирет мандат алмашуу болгон. Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" — 19, "Бир Бол" менен "Ата Мекен" 18-мандатын алды.

Депутат болуу кезеги партия тизмесинин 100-катарына тургандарга чейин жетип калышы мүчөлөрүнүн саясий уюмдан чыгып кеткенине байланыштуу. Кызыгы, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан" партияларынан талапкерлигин койгондор шайлоодон кийин эле ыргыган.

2015-жылдан бери 11 депутатка кылмыш иши козголгон. Кээ бирлериники сотко жетпей бүтсө, айрымдары кайра акталган. Ал эми беш депутат соттолуп кетти.

Октябрдагы башаламандыкта шайлангандарды кошкондо учурдагы спикер VI чакырылыштын алтынчы төрагасы. Ал эми сегиз депутат вице-спикер болууга жетишти. Башкача айтканда ар бир фракциядан бирден, "Кыргызстан" менен КСДПдан эки жолудан шайланган.

Алты жылга жетпеген убакытта алты киши депутаттыктан кетип вице-премьер кызматына дайындалды. "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекен" эле вице-времьер чыгара алган эмес.

Беренелерди билбей кабинетине кире качкан депутаттар. Видео сурамжылоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Беренелерди билбей кабинетине кире качкан депутаттар. Видео сурамжылоо
Депутаттыктан өкмөттүн мүчөлүгүнө же мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине кеткендердин саны 20га жетет. Буга мисал катары башкы прокурор Курманкул Зулушевди, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди, Мамлекеттик мүлк фондунун директору Мирлан Бакировду, президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси Искендер Гайпкуловду, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты айтууга болот.

Кээ бирлери партиянын ич ара чыр-чатагынан улам же өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берген.

Төрт депутат көз жумган. Алар: Алмазбек Акматов, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Калмаматов, Улан Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты болууга кызыккандар эмнеге арбын? Муну ар тараптан караса болот. Алардын бири төмөндөгүдөй кепилдиктер болушу мүмкүн:

  • Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат;
  • Ой-пикири, айткан сөзү үчүн же добуш берүү жыйынтыгы үчүн депутаттык мөөнөтү бүткөндөн кийин да куугунтуктоого алынбашы керек;
  • Өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду копшогондо кармоого же камоого, тинтүүгө болбойт, жекече текшерилбейт (кол тийбестик берилет);
  • Турак жайы, кызматтык үйү, жүгү, жеке жана кызматтык автоунаасы, байланыш каражаттары, ошондой эле документтери текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт;
  • Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана (өзгөчө оор кылмышты кошпогондо) кылмыш жоопкерчилигине тартылат;
  • Мамлекеттик кызматкерлер депутаттын кайрылуусуна бир айдын ичинде жооп берүүгө милдеттүү;
  • Депутаттын ишмердүүлүгүнө байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт;
  • Борбор калаада баш калкалоочу жайы жок болсо кызматтык турак жай берилет. Эгер бош үй жок болсо, мамлекет батиринин ижара акысын төлөйт;
  • Депутат жана аны коштоп жүргөн адам мамлекеттик, муниципалдык мейманканага кезексиз жайгаштырылууга укуктуу;
  • Мөөнөтү аяктагандан кийин Жогорку Кеңешке шайланганга чейинки мурдагы ишине, эгер ал кызматы бош болбогон учурда ошого тете башка жумушка орноштурулат. Мындай мүмкүнчүлүк жок болсо кадрлар резервине киргизилиши мүмкүн, андан ары ал мамлекеттик органдын бош кызмат ордуна биринчи кезекте дайындалууга укуктуу болот;
  • Эгер сунушталган кызматтан баш тартса, мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана жеке секторго ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кесиптик кайра даярдоого жөнөтүлөт;
  • Мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырса орточо эки айлыгынан аз эмес суммада эс алуу жөлөк пулу төлөнөт;
  • Аскер кызматчыларынан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен Жогорку Кеңешке шайланган депутатка кезектеги аскердик же атайын наам ыйгарылат;
  • Башка тармактан келгендерге тийиштүү класстык чен ыйгарылат.

Социалдык пакеттер:

  • Медициналык, санаториялык-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздалат;
  • Депутат кезинде жаракат алса же ден соолугуна башка зыян келтирилсе, медициналык, санаториялык-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздоо ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да сакталат. Ал эми каза болсо үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөк пул төлөнөт;
  • Депутат болгон жаран белгиленген тартипте жана шарттарда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жана жеңилдиктерди алууга укуктуу;
  • Пенсия курагына жеткен депутат өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жана жеңилдиктерди алууга укуктуу;
  • ЖК төрагасынын сунуштамасы менен депутат болуп иштеп жаткан учурда кызматтык курал берилет. Бирок ал куралды ЖК имаратына алып киргүүгө тыюу салынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0