https://sputnik.kg/20210414/kyrgyzstan-bazhy-navigaciya-tender-1052122040.html
Жүк ташыган унааларга навигация системасын киргизген оператор тандалып жатат
Жүк ташыган унааларга навигация системасын киргизген оператор тандалып жатат
Sputnik Кыргызстан
Пломба бажылык мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду, кошумча текшерүүлөрдү азайтат. 14.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-14T11:59+0600
2021-04-14T11:59+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
евразиялык экономикалык биримдик
бажы
жүк
тендер
https://sputnik.kg/img/104425/03/1044250375_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_e61f935c576ad9d45d58b36ca412653f.jpg
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо иши уланууда. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.Негизи улуттук операторду тандоо боюнча тендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле жарыяланган. Бирок өкмөт кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу конкурстук комиссиянын курамы өзгөрүп, токтотулган.Пломбанын жардамы менен бардык кызыкдар тараптар ташылып бара жаткан жүккө байкоо жүргүзө алышат. Ошондой эле бажылык мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду, кошумча текшерүүлөрдү азайтат. Мындан улам жүктү жеткирүү убактысы кыскарат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104425/03/1044250375_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_00f9bbabefb935ea7949812400e1bd56.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, евразиялык экономикалык биримдик, бажы, жүк, тендер
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, евразиялык экономикалык биримдик, бажы, жүк, тендер
Жүк ташыган унааларга навигация системасын киргизген оператор тандалып жатат
11:59 14.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Пломба бажылык мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду, кошумча текшерүүлөрдү азайтат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо иши уланууда. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Негизи улуттук операторду тандоо боюнча тендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле жарыяланган. Бирок өкмөт кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу конкурстук комиссиянын курамы өзгөрүп, токтотулган.
"Конкурстук комиссия башталган ишти улантат жана келип түшкөн арыздарды ачып, карай баштайт. Тандалган бирдиктүү Улуттук оператор үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодадагы, ошондой эле Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы ички соодадагы ташууларга байкоо жүргүзөт. Тендер аяктагандан кийин экинчи кварталдын ичинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташуу боюнча пилоттук долбоорду баштоо пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Пломбанын жардамы менен бардык кызыкдар тараптар ташылып бара жаткан жүккө байкоо жүргүзө алышат. Ошондой эле бажылык мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду, кошумча текшерүүлөрдү азайтат. Мындан улам жүктү жеткирүү убактысы кыскарат.