Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Бүгүн Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 23 градуска жетиши ыктымал. Бирок кечке маал күндүн көзү бузулуп, жаан жаашы мүмкүн.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 4-апрель күнү Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 23 градуска жетиши ыктымал. Бирок кечке маал күндүн көзү бузулуп, жаан жаашы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы жылуу болот.
Бишкекте гүл ачып жаткан жоогазындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Күн жылыйбы? Апрель айына карата аба ырайы
5-апрель күндүз жана 6-апрель түнкүсүн өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 4-апрелде күндүз жана 5-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
6-апрель күндүз жана 7-8-апрелде күн кайра жылып, жаан жаабай турганы айтылды.
9-апрелде жана 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0