https://sputnik.kg/20210331/apta-4-zhumush-kun-ish-tartip-izildoo-natiyzha-1051951638.html
Төрт күндүк иш тартиби кирсе кандай болору изилденди
Төрт күндүк иш тартиби кирсе кандай болору изилденди
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө көпчүлүк эл жумасына беш жумуш күндүк стереотип менен жашашат. Бирок айрым тажрыйбалар бул түшүнүктү өзгөртүү мезгили келгенин көрсөтүүдө. 31.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-31T11:25+0600
2021-03-31T11:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
эс алуу
эмгек
изилдөө
жумуш
күн
тажрыйба
жыйынтык
https://sputnik.kg/img/104773/52/1047735223_0:116:3071:1843_1920x0_80_0_0_dd94d39d580d263033feb719a436fd04.jpg
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Microsoft уюмунун Япониядагы бөлүмү аптасына төрт күндүк иш тартиби менен өндүрүштү 39,9 пайызга көбөйттү. Бул тууралуу "Популярная механика" маалымат булагы жазып чыкты.Microsoft Japan эксперимент катары маянаны жана жылдык эмгек өргүүгө берилүүчү акыны ордунда калтыруу менен апталык жумуш күндү кыскарткан.Жыйынтыгында кызматкерлер убакытты натыйжалуу пайдалана башташкан. Ишкана эң оболу узакка созулуучу кеңешмелерди жана көчмө жолугушууларды кыскарткан. Эмгек өндүрүшүнөн сырткары башка көрсөткүчтөр да жакшырган. Маселен, электр энергиясын колдонуу 23,1 пайызга азайса, ошондой эле документтерди басып чыгаруу 58,7 пайызга кыскарган. Компания жетекчилиги жана кызматкерлердин 92,1 пайызы бул тажрыйбага канааттанганын билдирген.Бул алгачкы ирет көрүлгөн тажрыйба эмес. Порталдын белгилешинче, үч жыл мурда жаңы зеландиялык Perpetual Guardian компаниясы аптасына эки күндүк иш тартибин киргизип, эки ай иштегенден кийин өндүрүш 20 пайызга өскөн. "Популярная механика" жумуш күнүн кыскартуу менен жакшы натыйжага жеткен дагы көптөгөн мекемелер болгонун белгиледи.
https://sputnik.kg/20210329/kyrgyzstan-majram-ehs-aluu-1051923052.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104773/52/1047735223_96:0:2827:2048_1920x0_80_0_0_b8dfdd467f0dd9718f8254b0b1443b86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, эс алуу, эмгек, изилдөө, жумуш, күн, тажрыйба, жыйынтык
жаңылыктар, коом, кыргызстан, эс алуу, эмгек, изилдөө, жумуш, күн, тажрыйба, жыйынтык
Төрт күндүк иш тартиби кирсе кандай болору изилденди
11:25 31.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дүйнөдө көпчүлүк эл жумасына беш жумуш күндүк стереотип менен жашашат. Бирок айрым тажрыйбалар бул түшүнүктү өзгөртүү мезгили келгенин көрсөтүүдө.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Microsoft уюмунун Япониядагы бөлүмү аптасына төрт күндүк иш тартиби менен өндүрүштү 39,9 пайызга көбөйттү. Бул тууралуу "
Популярная механика" маалымат булагы жазып чыкты.
Microsoft Japan эксперимент катары маянаны жана жылдык эмгек өргүүгө берилүүчү акыны ордунда калтыруу менен апталык жумуш күндү кыскарткан.
"Азыраак иштеп, жакшы эс алгыла жана окугула. Жашоо максатын аныктоого жана ишиңизге таасир эте турган чөйрөнү түзүү зарыл. Мен кызматкерлерден жумуш убактысы 20 пайызга кыскарса деле ошол эле натыйжаларга жетишүүгө аракет кылышын каалайм", — деген Microsoft Japan уюмунун президенти жана аткаруучу директору Такуя Хирано.
![Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021](https://sputnik.kg/img/104822/20/1048222023_0:1083:2047:1984_1920x0_80_0_0_a609225a1be96a7a29dc525791d4537a.jpg)
29 Жалган Куран 2021, 08:47
Жыйынтыгында кызматкерлер убакытты натыйжалуу пайдалана башташкан. Ишкана эң оболу узакка созулуучу кеңешмелерди жана көчмө жолугушууларды кыскарткан. Эмгек өндүрүшүнөн сырткары башка көрсөткүчтөр да жакшырган. Маселен, электр энергиясын колдонуу 23,1 пайызга азайса, ошондой эле документтерди басып чыгаруу 58,7 пайызга кыскарган. Компания жетекчилиги жана кызматкерлердин 92,1 пайызы бул тажрыйбага канааттанганын билдирген.
Бул алгачкы ирет көрүлгөн тажрыйба эмес. Порталдын белгилешинче, үч жыл мурда жаңы зеландиялык Perpetual Guardian компаниясы аптасына эки күндүк иш тартибин киргизип, эки ай иштегенден кийин өндүрүш 20 пайызга өскөн. "Популярная механика" жумуш күнүн кыскартуу менен жакшы натыйжага жеткен дагы көптөгөн мекемелер болгонун белгиледи.