Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Топтошкон элдин ортосунда отурган КРдин баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкееванын сүрөтү 1967-жылы тартылды. Андагы эпизоддо Тайлак аттуу уулунан ажыраган энеге Жарасбайдын байбичеси алтындан куюлган тай туякты тапшырат.

Ал жылы белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасы боюнча фильм тартууга киришкен. Киночу анын сценарийин бир айда эле жазып, кошумча архивде иштеп, тарыхый фактылар менен толуктаган.

Тасма Россия империясынын аймагынан көчүп келген эл менен Түштүк Казакстан, Кыргызстандын жергиликтүү калкынын ортосундагы мамиле жана ошол маалдагы жер бөлүштүрүү саясатын баяндайт.

Ошол кезеңди аталган кинокартинада экинчи режиссёр болуп иштеген КР эл артисти Артыкпай Сүйүндүков мындайча эскерет:

"Мен ал тасманын башынан аягына чейин катышкам. Башында катардагы жумушчу, ассистент, кийин экинчи режиссёр болуп Болот Шамшиев менен иштешкем. Киностудияда иштеп жүргөндө аралашкан биринчи фильм болгон. Кинону "кыйноо" деп коёт эмеспизби, фильм жаратууда ортодо акча бөлүнбөй калып иш токтоп, биз менен иштеген айрым кызматкерлер да жумуштан кетип калган күндөр болгон. Казакстандын Кордай районундагы Отар станциясынын жанындагы Шубар-Байтал жайытында, Кыргызстандын Жети-Өгүз, Суусамыр жайлоосунда, Көкөмерен дарыясынын тушундагы Арал айылында иштегенбиз. Актёрдук курам абдан күчтүү эле. Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов өңдүү залкарлар тартылган. Аларды атак-даңкына, жетишкендиктерине карабай бардыгын сынактан өткөрүп тандаганбыз. Мисалы, Бактыгулдун ролуна төрт киши ат салышкан, экөө казак актёрлору болчу. Сүймөнкул Чокморов башкы ролду жеңип алган. Анын Көкөмерен дарыясына ат менен кирген эпизоду бар эмеспи, ошондон кийин актёрдун ден соолугу дагы начарлап кеткен. Негизи дублер менен иштесек болмок, бирок ал өзү тартылам деген", — деди Сүйүндүков.

Киночу ошондой эле аз кезде карапайым эл, жергиликтүү бийлик ата мекендик кинематографиядагы чыгармачыл инсандарга жакшы көңүл бурганын кошумчалады.

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Айтматов жана залкар актрисалар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт
Эмгек 1969-жылы Алматыда өткөн Азия өлкөлөрү жана Казакстан фестивалында "Горный беркут" баш байгесин алып, кийинки жылы Минск шаарында уюштурулган Бүткүл союздук фестивалда экинчи байге жана "Советский экран" журналынын "Мыкты көркөм фильм" номинациясына ээ болгон. Андан сырткары, Болот Шамшиев Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгын алса, 1970-жылы Чокморов "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплому менен сыйланган.

"Караш-Караш окуясы" фильминдеги кызыктуу ирмемдерди сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0