Мойт аке тууралуу 10 факты. Элге эки кылым кызмат кылган батасы

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы артисттер. Архив
Сахнадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Кыргыз элинде башка улутта учурабаган акелер феномени бар. Акелер соңку эки жарым кылымда, XVIII кылымдын экинчи жарымынан ХХ кылымдын башына чейин жашаганы маалым, ага чейин андай бийик даражадагы адамдар болгон-болбогону айтылбайт.
Акелер — конкреттүү аймакка, Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейиндеги урууларга гана таандык көрүнүш болуп, алардын болжолу 150 жылдай мезгил аралыгындагы аракети кыргыздардын саясий, маданий турмушунда гана эмес, элдик дипломатиясында жана элдик педагогикасында да чоң мааниге ээ болгонун белгилей кетүүгө тийишпиз.
Акелер — адамдар жүрүш-турушун ченеп-өлчөй турган, ыймандык түшүнүктөрүн салыштырып, талдай турган уникалдуу көрүнүштөрдөн. Алардын айткан-дегени, үлгүлөрү дээрлик Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдарга чейин жабык темалардан болуп, мурастары оозеки формада гана эл арасына тарап келген.
Международный фестиваль песчаных скульптур в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2019
Кеп казына. Оорунун сырын билген табып, даанышман Мойт акенин накыл сөзү
Акелер – кырдаалды тактап, таразалап туруп келе жаткан нерсени алдын ала көрө билген олуялар, кара кылды как жарып, жоолашкан уруу менен урууну, араздашкандарды, ынтымагы ыдыраган эрди-катынды, ата-баланы, бет карашпай калган туугандарды жараштырган, элдештирген, оозунда эптүү кеби, зоболосу зор кадыр-баркы менен улуу инсан катары кыргыз тарыхында олуттуу орун ээлеп турган.
Биз бүгүн ошол акелердин жашы жагынан улуусу Алдаяр уулу Мойт (Мойут) аке тууралуу 10 факты сунуштайбыз.
Туулган жери, теги. Алдаяр уулу Мойт аке болжолу 1745-1750-жылдар аралыгында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Орто-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. Көп адабияттарда туулган жылы деп 1745-жыл айтылып жүрөт. 1750-жылы туулган деген да маалыматтар учурайт. Алдаярдын Теке, Асан, Абылаке, Очуй деген балдарынан кийинки кенже уулу.
Мүнөзү, өнөрү. Токтоо, пайымдуу, адамды какпаган, ырыс көтөрө билген, чечен, санжыра санаттап салмактуу кеп айткан, батакөй киши болгон. Мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрү болгон. Ат оюндарында калыс сөзүн айтып турган. Тамыр кармап, табыпчылык кылгандыгы, далычылыгы да айтылат. Малга да, адамга да сын берген, көрөсөн, олуя киши катары сыпатталат.
Эки кылымдан ашык элге кызмат кылган бата. Элде "Бата тилесең Мойт акеге бар" деген нуска сөз тараган. Анын оозунан чыккан "Жараткан жар болсун, элде бар болсун, кырсык жок болсун, курсак ток болсун, жерибиз чөптүү болсун, малыбыз эттүү болсун, үй жанга толсун, кампа данга толсун, кут калкка келсин, жут алыс кетсин, таарыныч тарасын, бак-таалай карасын" деген ак тилек батасы азыркы күнгө чейин аксакалдар тарабынан тынымсыз кайталанып кайра-кайра айтылып келет. Ал да, аны угуп турган адам да батанын сыйкырдуу күчүнө, руханий кереметине ишенген, ошон үчүн алакан жайып, адамдын болочогун көрө билип, ошого жараша ак сөзүн бата формасында айткан.
Праздничный намаз в честь Курман айта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Радио
Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек
Адилеттүүлүк жөнүндө. Профессор-тилчи Акеш Иманов Мойт акенин адилеттүүлүк жөнүндө айткандарын китебинде мындайча келтирет: "Адилеттүүлүк — жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо жашоонун оош-кыйышы көп болот. Адилеттүүлүк болбосо капачылык, нааразычылык, өкүнүч, андан улам кек сактап кекээрлешүү, кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаңжал, кан төгүлгөн кагылыш чыгат. Адилеттүүлүк менен теңчилик эриш-аркак. Адилеттүүлүк менен теңчилик болгон жерде ата салты бузулбайт, кара кылды как жарган калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча теңчилик жок, теңчилик болмоюнча адилеттик жок, балдар. Мына ушуну эл билермандары бекем тутунушу парз. Адилеттүүлүк — ак иш. Актын жолунан тайбагыла. Адилеттүүлүктүн жолу узун, эгер ал ыйык тутулса. Адилеттүүлүктүн жолу кыска, эгерде ага арамдык аралашса. Адилеттүүлүктү бардык адамдар каалайт, эңсейт. Аны өзгөчө эл башчылары, эл билермандары, салттуу, нускалуу карыялар пириндей сакташы зарыл, не дегенде, калк биримдигин, ынтымагын көзөмөлдөөчүлөр — ошолор…". Мына ушундай ал адилеттүүлүктүн философиялык маанисин турмуштук практикага таянуу менен терең чечмелеп, ал түшүнүктүн саясий да, педагогикалык да маанисине жогору баа берип, жаштарга насаатын багыштаган.
Өмүрзакка берген батасы. Айтуудан бир жолу Боромбай манаптын уулу Өмүрзак малы жайытка батпай, өзүнүн айтканы эки болбой, көктү карап, эч кимди теңсинбей турган учурда Мойт акеден бата алып койсомбу деп чакырат, ага тандап ат да мингизмек болот. Сыйын көрсөтүп, алакан жайып бата тартарда Мойт аке мындай деген каалоосун үй ээсине багыштайт: "Өмүрзагым, казан толо аш берсин, ооруп айыккан баш берсин, өлүп көбөйгөн мал берсин, толсо бөксөрбөсүн, чайпалса төгүлбөсүн!" Бул батага Өмүрзактын ичи чыкпай калат. Кийин бата берүүгө Сарт акени чакырат, ал киши болсо мен Мойт акеден өткөрө бата бере албайм, сен чын эле ал киши айткандай чайпалып төгүлөрүңө аз калган окшойсуң дегендей кылып тартуусун албай жолго түшөт. Бата менен көгөрүп эки-үч жыл өтпөй Өмүрзактын малы Чычкан-Башына толуп, ары Түп тараптагы Кең-Суу, Сары-Тологой, Токтоян жактарга чейин жетет. Анан эле бир кышта Сан-Таштын шамалы ыркырап, калың кар түшүп, сан жетпеген малдын баары жуттан кырылып, баягы байдын заматта ырысы кыйылып, кийинки жазда Сары-Көлгө барып, каз, өрдөк багып калган экен. Мына ушундай сөздөр эл ичине тарап, адамдар, биринчиден, батанын керемет күчүнө ишенген, батачыларды сыйлаган, экинчиден, ар кандай байлык убактылуу экендигине көзү жеткен жана ушундай сөздү айткан акелердин баркы дагы да көтөрүлгөн.
Книга Ысык-Колдун жети акеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2019
Кеп казына. Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан дипломат Тилекмат аке
Акелерге өрнөк болгон. Ысык-Көлдөн чыккан акелер баары улуу адамдар болгон. Улуу адамдардын асылзаадалыгы алардын эгиздей ширелешкен ынтымагында, бири-бирин терең урматтагандыгында, сыйлаганында, биринин акылына экинчисинин көнө билгендигинде, сөздөрүнө терең маани, баа бергендигинде. Мына ушул узун салттын учугунун башында Мойт аке турган. Сарт аке өзүнөн улуу Алдаяр уулу Мойт акени (Мойт аке болжол менен Сарт акеден 30 жаш чамалуу улуу болгон) көсөмү катары сыйлап өмүрүндө андан озунуп сөз сүйлөгөн эмес экен. Сарт аке өзүнө сөз кезеги келгенде да Мойт акеден өтүнүп, уруксат алып, андан кийин гана сылык-сыпаа сөз баштоочу экен. Сыйда отурганда, дасторконго кол сунганда гана кичүүлүк шартын сактабастан, бирге жол жүрүп, агын суу кечкенде да Сарт аке Мойт акеден кийин бастырчу экен. Ушуга караганда акелердин тизими, улуу үлгүсү дал ушул Мойт акеден башталгандай.
Мойт аке жайкысын Каркыраны жайлаган. Каркырадагы бир тойдо биринчи байге алган казактын Керкашка деген атын Мойт аке таанып калат, аны беш жыл мурда уурдаткан экен. Бирок тигилер бербейт, чатак чыга турган кезде казактар "үч койдун козусун тапсаң Керкашка сеники" деп шарт коюшат, Мойт аке козуларды акыл менен таап бергенде, Шоорук Керкашканын энесин уурдатып алганын мойнуна алат. Байгенин баарын Мойт аке элге таратып берет, анын болсо байкагычтыгы, акылмандагы дагы бир жолу даңазаланат.
Урпактары. Ал кишинин үч аялы болуп, алты уул көргөн, алар Үсөн, Чомой, Алыбек, Качыбек, Саске, Калча, ошолордон тараган балдар Ысык-Көлдүн Орто-Өрүктү айылында жашап, азыр бир уруу эл болуп Мойт акенин тукумдарыбыз деп сыймыктанып келишет. Ошол урпактары 1997-жылдын октябрь айында Мойт акенин 250 жылдыгын белгилешти, ошол маараке алкагында Орто-Өрүктү айлында Мойт акенин атындагы мечит курушуп, анын жанындагы мунара астына эстелик таш коюшкан.
Карач аке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2019
Кеп казына. Сөз ээси, журт көзү Карач акенин накылы
Мойт аке тууралуу эмгектер. Бул киши тууралуу жазылгандар негизинен башка акелер менен кошо баяндалган китептер. Аларга Ж.Жылкыбаеванын "Тарыхый инсандар таржымалы" (Каракол, 1995), А.Имановдун "XVIII кылымдын экинчи жарымы, ХХ кылымдын башталышында Ысык-Көл өрөөнүндөгү ойчулдар, агартуучулар (Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке)" (Каракол, 1998), К.Асанбековдун "Ысык-Көлдүн жети акеси" (Б.: 2007) деген эмгектерин, Жаныш Алиевдин "Алдаяр Мойт" поэтикалык дастанын кошууга болот.
Каза болгон жылы. Манжылы-Ата сыры. Айрым маалыматтарда 1840-жылы, кээ бир булактарда 1843-жылы, дагы башка жерде 1846-жылы каза болгондугу айтылат. Акелер эл башына түшкөн кыйынчылыкты күндөп-түндөп ойлошкон, адамдарды оор учурдан алып чыгуунун жолдорун издеген. Буга бир мисал Ысык-Көл аймагындагы элди Жуңгар хандыгы XVII кылымдын экинчи жарымында Анжиан тараптарга кууган, ал жакта отурукташып калган көлдүктөр сөөктөрүн ошол жакка коюп, кийин болжолу 1770-жылдарда кайра кайтып келгенден кийин дале атактуу адамдардын керээзи деп, алардын жасатын төөгө жүктөп алыс жакка – Түштүккө ташышчу экен, кышкы суукта, жайкы аптапта бул сөөк үчүн да, аны алып бараткандар үчүн да кыйынчылык жараткан, мына ушул азаптуу салтты көрүп туруп Мойт аке өз сөөгүн азыркы Тоң районуна караган Манжылы-Ата деген жерге эле койгула, туулган жердин топурагы алтын деп айтып, элди бир кыйынчылыктан куткарган, андан кийин сөөк алыска алып барылбай калган. Айтуудан ал Манжылы-Атадагы Ысык-Көлдүн көп жери, анын ичинде өзүнүн Орто-Өрүктүсү да көрүнүп турган узун дөбөдөн секиче жер көрсөтүп берип, ушул жер менин бейитим болот, менин жайымды казганда жер астынан ак казан чыгат деген экен. Кийин көлдү айлантып, Күңгөйдөн Тескейге сөөгүн алып келип, айтылган жерден жайын казып жатканда чын эле тулгага асылган ак казан чыккан деген сөз айтылып калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0