Томолой жетим өсүп Москваны багындырган. Тилчи Тазабек Саманчин жөнүндө 6 факты
14:04 20.03.2021 (Жаңыртылды: 22:51 15.12.2021)
© Фото / из семейного архива ДанияровыхБелгилүү окумуштуу Тазабек Саманчин небереси менен. Архив
© Фото / из семейного архива Данияровых
Жазылуу
Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири Тазабек Саманчин өзүнүн башка замандаштары сыяктуу башынан оор тагдырды өткөрүп, куугунтукка кабылган. Анын кезинде кылган эмгектери, жазылган чыгармалары айтылбай келет.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги окумуштуу, драматургдун өмүр жолуна көз чаптырып, кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Томолой жетим өскөн. Белгилүү окумуштуу Тазабек Саманчин 1909-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Энеси төрөттөн кийин көз жумуп, жаңы төрөлгөн карындашы да чарчап калган. Болочоктогу атактуу окумуштуунун атасы жөнүндө маалыматтар жокко эсе. Кичинесинен ара жолдо жалгыз калган Тазабек Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып, кат-сабатын ошол жактан жойгон.
© Фото / из семейного архива ДанияровыхБелгилүү окумуштуу Тазабек Саманчин 1909-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген
Белгилүү окумуштуу Тазабек Саманчин 1909-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген
© Фото / из семейного архива Данияровых
Москвага жол тарткан жаш жигит. 16 жашында Фрунзедеги педагогикалык училищеге тапшырып, аны 1929-жылы аяктаган. Андан соң бир жылдай Жалал-Абад шаарында агартуучу болуп эмгектенип, Москвадагы педагогикалык институтка окууга сапар алган. Аны бүтүрүп мекенге кайтып келгенден кийин борбор калаада эки жылдай мугалим болот. Илимге умтулган жаш жигит кайра Москвага жол тартып, 1934-38-жылдары аспирантураны СССР элдеринин тилдери борбордук институтунан окуп, ошол эле маалда "Ведомости Верховного Совета СССР " басылмасында котормочу болуп иштеген.
Илимдин алгачкы кандидаты. СССРдин борборунан Фрунзеге келгенде Тил, адабият жана тарых институтуна илимий кызматкер болуп кирет. Окумуштуу 1940-жылы биринчилерден болуп Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын академиялык жыйнак кылып чыгарат. "Кыргыз адабиятынын тарыхынын очеркин" басып чыгарууга катышкан. Тилчи 1946-жылы Молдо Кылычтын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө эмгек жазып, алгачкылардан болуп 37 жашында филология илимдеринин кандидаты даражасын алган. Филологдун "Чоңдор үчүн алиппе" китеби эле беш жолу 500 миң нускада басмаканадан чыккан.
Котормочу, драматург... СССР жазуучулар союзунун мүчөсү калемин колуна алып чыгарма дагы жаратчу. Ал "Берметтин уландары", "Абышкалардын жоругу", "Тоо арасында" аттуу пьесанын, бир катар сын-макала, адабий эмгектердин автору. Андан сырткары, Виссарион Белинский, Максим Горький, Лев Толстой, Антон Чехов, Владимир Духовичныйдын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Жазуучунун кызы Гүлсананын айтымында, атасы котормочулукка өтө чоң көңүл бурчу.
"Атам эгер бир чыгарманы кыргыз тилине которо турган болсо, сөзсүз анын өзбек, казак тилдеринде чыккандарын окучу. Көп учурда котормочулукка өтө аяр мамиле жасап, узак убакыт алектенчү", — деди ал.
Ошондой эле "Манас" эпосун редакторлоо, орус тилине которуу иштерине катышкан.
Казакстанга айдалган илимпоз. Илимдер академиясынын Тил, адабият жана тарых институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеп турганда ага карата чабуул башталып, жалган жалаа менен 1950-жылы он жылга камакка алынган. Ага окумуштуунун Молдо Кылычтын чыгармалары боюнча жазган кандидаттык диссертациясы себеп болгон. Ошентип ал-күчкө толуп турган илимпоз Казакстандын Карагандасында жайгашкан лагерге айдалып, ал жактан ден соолугу начарлап кеткен. Ал жылдары манас таануучулар Ташым Байжиев менен Зыяш Бектенов да ошол жакта жазыксыз жазасын өтөгөн. 1955-жылы реабилитацияланып үй-бүлөсүнө кайтып келген. Бирок ага карабастан куугунтук токтобой, калемгер узак жылдар бою жумушсуз отуруп калган.
© Фото / из семейного архива ДанияровыхТазабек Саманчин кыргыздын алгачкы балериналарынын бири Гүлбара Данияровага үйлөнүп, жубайлар эки кыз, бир уулду татыктуу тарбиялап чоңойткон
Тазабек Саманчин кыргыздын алгачкы балериналарынын бири Гүлбара Данияровага үйлөнүп, жубайлар эки кыз, бир уулду татыктуу тарбиялап чоңойткон
© Фото / из семейного архива Данияровых
Балеринанын жолдошу. Тазабек Саманчин кыргыздын алгачкы балериналарынын бири Гүлбара Данияровага үйлөнүп, жубайлар эки кыз, бир уулду татыктуу тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Бермет фармаколог, медицина илимдеринин кандидаты, экинчи кызы Гүлсана азыр борбор калаада дарыгер болуп иштейт, уулу Бекташ Бишкектеги жогоркуу окуу жайлардын биринде мугалим. Кыргыз элинин көрүнүктүү адабиятчысы өмүрүнүн акыркы жылдарында көп ооруп, 1979-жылы 23-майда борбор калаада 70 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Материал Тазабек Саманчиндин жакындарынын эскерүүлөрүнүн негизинде жасалды.