Европа AstraZeneca компаниясынан өч алууда

© REUTERS / DADO RUVICAstraZeneca вакцинасы. Архив
AstraZeneca вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Биринчи ызы-чуу январда эле, AstraZeneca Брюсселге өндүрүштүк-логистикалык кыйынчылыктардан улам келишимде айтылган көлөмдүн 60 пайызын гана жеткире аларын айткандан кийин чыккан.
Англия менен Швециянын AstraZeneca компаниясынын Оксфорд университети менен биргеликте иштелип чыккан вакцинаны пайдаланууну Европанын 20дан ашуун өлкөсү токтотту. Кечээ бул тизмени вакцинанын "мекени" болгон Швеция толуктады.
Расмий себеби — эмделгендерден тромбоз аныкталган учурлардын катталышы. Вакцинанын айланасындагы кырдаалга көз чаптырган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Вакциналар согушу, айласы түгөнгөн Европа. "Спутник V" дарысына кызыгуу күч
Өз кезегинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму компаниянын таламын талашып жаткандай. "Жогоруда аталган учурларды вакцина шарттады деген далил жок" деп "өмүрлөрдү сактоо жана оорунун өтүшүп кетүүсүн алдын алуу үчүн вакцинацияны улантууга" чакырды. Ошентсе да түшүп жаткан арыздарды дыкат карап, жыйынтыгын жарыялай турганын убадалоодо.
Тилекке каршы, AstraZeneca препаратынын айланасындагы окуяны медицинанын жана илимий иликтөөлөрдүн көзү менен кароонун пайдасы жок. Анткени дүйнөлүк фармацевтика эбак эле коррупциялашкан, айланасындагыларды кошо сазга батырган, планетанын негизги саясий структуралары менен тамырлашып кеткен Клондайкка окшошуп калды. Ал эми пандемия бул жагдайды курчутуп жиберди десек болот.
ДССУнун позициясы эмнеге байланыштуу экенин болжолдой гана алабыз. Вакцинанын коопсуздугуна ушунча ишенип жатабы же саясий максаты барбы, айтор, белгисиз. Мунун Евробиримдикке да тиешеси бар. Препараттын кыйыр таасири, адам өлгөн учурлар башынан эле айтылып жаткан, бирок вакцинацияны токтотуу сыяктуу кескин кадамга Германия, Франция жана башка алдыңкы өлкөлөр дал ушул саясий шарттар пайда болгондо гана барды.
ЕБде эмдөө өнөктүгү ишке ашпай калды, бул тууралуу алдыңкы ЖМКлар, таасири күч саясий фигуралар айтып жатат. Негизги күнөө, албетте, тийиштүү чечим кабыл алып, AstraZeneca препаратын тандап алган Брюссель, Берлин жана башка Батыш Европа мамлекеттеринде.
Компания рынокко кечигип чыкканы да эч нерсе эмес. Башкысы — ал Евробиримдик алдында алган милдеттерин аткара албай калды.
Биринчи ызы-чуу январда эле, AstraZeneca Брюсселге өндүрүштүк-логистикалык кыйынчылыктардан улам келишимде айтылган көлөмдүн 60 пайызын гана жеткире аларын айткандан кийин чыккан.
Флакон с вакциной AstraZeneca - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Тромб пайда кылат. AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтоткон өлкөлөр көбөйдү
Абалды Улуу Британиянын AstraZeneca менен өз алдынча келишим түзүп алганы да курчутуп жиберди. Ага ылайык, прапарат өзүнүн аймагында өндүрүлгөн мамлекетке аны алууга артыкчылыктуу укук берилет. Муну менен Лондондун континенттеги башка өлкөлөргө салыштырмалуу муктаждыкты эселеп жабууга мүмкүнчүлүгү болду. Brexit соңуна чыккандан кийин ЕБге каршы кырдаал түзүлөрү турулуу иш эле.
Мындан улам Европа эки жумадан бери компания өз милдеттерин аткарышы үчүн болгон-бүткөн рычагдарды колдонууда. Натыйжада абал андан бетер начарлап кетти.
Өткөн жумада Reuters агенттиги AstraZeneca ЕБ мамлекеттерине кетчү вакцинанын көлөмүн дагы кыскартканын жазды. 25-февралда эле компаниянын жетекчиси Паскаль Сорио Европарламенттен туруп ЕБди биринчи кварталда мурунку айтылган 90дун ордуна 40 миллион доза менен камсыздай турганын айткан. Өткөн апта соңунда бул көрсөткүч араң 30га жетери белгилүү болду.
Ал эми ушул дүйшөмбүдө Европа мамлекеттери препараттын коопсуздугун текшериш керек демиш болуп чогуу-чаран вакцинаны колдонууну токтото баштады.
Препараттын аброюна болуп көрбөгөндөй сокку урулду.
Ошентсе да мындан компания таптакыр мүңкүрөп отуруп калды деп айтууга болбойт. AstraZeneca таламын ири эл аралык структуралар, Батыштын башка өлкөлөрү талашып чыкса керек. Мында кеп элин жалгыз ушул препарат менен эмдеп жаткан Улуу Британия тууралуу эле эмес. Кечээ компания маалымат таратып, вакцинаны кошумча жеткирүү боюнча АКШ өкмөтү менен макулдашуу жетишилгенин жар салды.
Вена шаары, Австрия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Алапайын таппай... Европанын коронавирус жана Россияга каршы күрөшүнүн жагдайы
Мунун баары Батыштын өзүнчө кайчы пикирлер, карама-каршы позициялар күчөп бара жатканынан кабар берет. Бир нече жума мурун эле трансатлантикалык өнөктөштөр арасындагы пикир келишпестиктер Дональд Трамптын ишмердүүлүгүнө шылтанып келген. Ал кеткенден кийин деле Европа менен АКШнын ортосундагы мамиле жакшырып кеткен жок. AstraZeneca айланасындагы чыр кеткен ажого жүктөп коюуга болбогон принципиалдуу жаңы фактор болуп калды.
Анткени бардык нерсенин өзөгүндө ресурс таңсыктыгы турат. Ресурс үчүн болгон күрөш курчуп барат, мындан улам "өнөктөштөрдүн" ар бири батыш тилектештиги деген нерсени жамынып алып, өз көмөчүнө күл тартууда.
Албетте, дал ушундай жагдай өкүм сүрүп жатканын эч ким мойнуна албаса керек. Андан көрө бири-биринен ажыратып карагыс "ынтымактуу" Батышты бөлүп-жарууга ниеттенген "Москванын изи" тууралуу айта салган оңой эмеспи.
Бу жолкусунда Россияны айыптай салуу ого эле жеңил болот. Анткени AstraZeneca вакцинасына каршы демарш жасаган Европанын актай албаган ишеничин алмаштырып кое турган запаста бир нече варианты бар. Ал эми россиялык "Спутник V" бул тизменин башында турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0