Жубайын учак менен ала качкан. Башкы кардиолог Абдраманов тууралуу 7 факты

© Фото / Предоставлено Калдарбеком АбдрамановымДоктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов
Доктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптар шыпаа берген дарыгерин Кудайындай эле көрүп калат деп коюшат. Буга мисал кылып белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдрамановду айтса болчудай. Ал өмүрүнүн 35 жылын оорулууларга арнап, 6 миңден ашык оор операция жасаган. Бүгүн хирург 63 жашын белгилеп жатат.

Мындан улам редакция жүрөк дарыгеринин өмүрү, иши, үй-бүлөсү тууралуу кызыктуу 7 фактыны сунуштайт.

Калдарбек Абдраманов — Кыргызстан медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, КРдин эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор жана өлкөнүн башкы кардиохирургу. Учурда Түштүк аймактык жүрөк кан тамырлары хирургиясы илимий борборун жетектеп, Бишкектеги жеке менчик медициналык борбордо кызмат көрсөтөт. 

© Предоставлено Калдарбеком АбдрамановымХирургдун энеси Жибек Айдарканова бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген
Доктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Хирургдун энеси Жибек Айдарканова бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген

Өз ападан артык чоң эне

Калдарбек Абдраманов 1955-жылы 27-ноябрда Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган. Атасы Алишер Абдраманов мугалим, апасы Жибек Айдарканов бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген. Өзү бала кезде аккордеон, баян, гитарада ойноп ырдачу. Учурда бир кызы шоу-бизнесте "Арно" деген ат менен чыгып жүрөт. Хирург өзү тогуз бир туугандын төртүнчүсү. Ага-ини, эже-карындаштары жогорку окуу жайдан мугалимдик жана инженерлик боюнча билим алышкан.

Гениалдуу хирург Иса Ахунбаевдин архивдик сүрөтү (ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Иса Ахунбаев жөнүндө 8 факты. Өзүнө-өзү операция жасаганы эл оозунда айтылып келет
Болочок хирург мектеп жашына чейин чоң энесинин колунда тарбияланганы жана анын көз жумганы катуу тийгенин айтат. "Ал каза тапкан күнү элге көрүнбөй, мал сарайга кирип алып кечке ыйлагам. Түнү уктай албай, бир оокумда энемди көргүм келип ак кепинге оролуп сөөк жаткан бөлмөгө баш бактым. Энемдин бутуна башын тийгизип чөгөлөп отурган атам эмдигиче эсимде. Жан дүйнөм ыйлады… Анда мен алты жашта элем",- деп эскерет дарыгер.

Өзүнүн апасы ким экенин чоң энеси каза тапканда билген. Бир топко чейин апасына эркелей албай, чоочуркаган сезим менен жүрүп кийин абдан жакын болуп кеткен. "Ошондон уламбы, апам 92 жашка чыгып көз жумганга чейин жанынан такыр чыккым келбеди. Балалык кезде көкүрөктө тойбой калган сагынычым, кусалыгым таркабай, эркелегим келген сезим менде азыр да жашап келет",- дейт. Мындан чоң атасынын тарбиясын көрбөй калганына өкүнөт. 

© Фото / из личного архива Калдарбека АбдрамановаХирургдун аялы орус тилчи. Түгөйлөр студент кезде таанышып баш кошкон.
Доктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Хирургдун аялы орус тилчи. Түгөйлөр студент кезде таанышып баш кошкон.

Өлүм менен өмүрдү эрте түшүнгөн

Болочок хирург өспүрүм куракка чейин илдет менен алышып, ак халатчандардын курчоосунда жүргөн. Тагыраагы, үч ирет моюн омурткасынын нерв ткандарынын шишик оорусунан улам операция жасаткан.

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеев 90 жашта! Атактуу дарыгер тууралуу 9 факты
"Бала кезде көйрөң, шок бала элем. Кышында апамдын тилин укпай мектепке костюмчан кетип калчумун, эшикте суукта кечке чейин ойночумун. Ошентип жүрүп бир күнү моюн омурткасынын нерв ткандарынын шишик оорусуна кабылдым. Агезде онго чыгып калгам. Оорунун кесепетинен оң колум менен оң бутум жакшы кыймылдабай, бир топко чейин дарыландым. Себеби дарыгерлер эки жылга чейин так диагноз кое албай жүрүп, анан операция жасашты. Үч жыл катары менен операция жасаттым",- деп айтып берди.

Аз жерден спортчу болуп кете жаздаган…

Бала кезде ооруп жүргөндө спортко абдан кызыгып, эр жеткенде бокс чеберине талапкер наамын жана шахмат боюнча биринчи разряд деңгээлин алган. Бирок атасынын ишке ашпай калган тилеги бар эле. Ал бала кезинде учкуч болууну самап, Саратовдогу авиаучилищеге тапшырайын дегенде чоң энеси: "Атадан калган жалгыз туяксың, өлсөм көрбөй калам го, топурагымды ала кет",- деп түйүнчөк карматканда ал кыялынан кайтат. Кийин Калдарбек атасынын максатын орундатууну ниет кылганы менен медициналык кароодон өтпөй калган. Ошентип документтерин Дене тарбия институтуна тапшырат. Бирок атасы бул кесип эмес, хобби экендигин түшүндүрүп оюнан кайтарган. Ошондо бала кездеги оорукана, дарыгер, өзгөчө дартына шыпаа берген Күмүшай эжеси эсине түшүп, Мединститутка барууну чечет. Сынактан упайы жетпей калып, аскерде бир жыл кызмат өтөп, кийинки жылы тапшырган. 

© Фото / из личного архива Калдарбека АбдрамановаЖубайлардын үч уулу, эки кызы жана он небереси бар. Бала-чака, жадакалса күйөө бала, келиндеринин көбү медицина тармагында эмгектенишет.
Доктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жубайлардын үч уулу, эки кызы жана он небереси бар. Бала-чака, жадакалса күйөө бала, келиндеринин көбү медицина тармагында эмгектенишет.

Көк бет студент-кароолчу

Студенттик кезде күн-түн дебей окуп, каражат табуу үчүн автобазада кароолчу да болуп иштеген. Кызыгы, Абдраманов атеизм сабагы боюнча экзаменде "төрт" деген баага макул болбой, "бешке жооп берем" деп мугалим менен талаша кетип, кийинки жылы кайра келип окуп экзаменди "бешке" тапшырган. Ошентип 3-курсту эки жолу окуган. Өзү тамалашап курсташтарым эки эсе көп, алардын ичинен төртөө Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген (Туйгуналы Абдраимов, Марат Мамбетов, Сабыржан Абдыкаримов, Динара Сагынбаева) деп калат.

Россиядан бекер кайтып келдиң деп жеме уккан

Жүрөк хирургиясын өздөштүрүү үчүн Москва шаарындагы Бакулев атындагы институтта 10 жыл иштеп, Россиянын башкы кардиохирургу, академик Лео Бокериянын колунда билип алып, тажрыйба топтогон. Кыргызстанга кайтып келгенде белгилүү жүрөк дарыгери Мирсаид Миррахимов: "Калдарбек, сен келбей эле ошол жакта иштесең келечекте чоң хирург, академик болмоксуң. Бекер кылдың",- деп кейиген. Бирок Абдраманов азыркы жашоосуна деле шүгүр кылат. 

© Фото / К. ЭргешовАбдраманов учурда Түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлары хирургиясы илимий борборун жетектеп, Бишкектеги жеке менчик медициналык борбордо кызмат көрсөтөт.
Хирург столичной больницы Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Абдраманов учурда Түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлары хирургиясы илимий борборун жетектеп, Бишкектеги жеке менчик медициналык борбордо кызмат көрсөтөт.

Сүйүү баяны

Хирургдун аялы орус тилчи. Жубайлардын үч уулу, эки кызы жана он небереси бар. Бала-чака, жадакалса күйөө бала, келиндеринин көбү медицина тармагында эмгектенишет. Абдраманов өмүрлүк жары менен таанышканын өзүнчө бир окуя менен айтып берди.

"Экөөбүздүн жатаканабыз жакын эле. 5-кабаттан тереземди ачып аба жутуп турсам, астыдан узун тармал чачтуу, шыңга бойлуу сулуу кыз көзүмө урунду. Бир көрүп жактырып калдым. Ал кезде индия кинолоруна сугарылган болсок керек. Кийин ал кызды алыстан байкаштырып жүрдүм. Бир күнү досум туулган күнүн белгилеп, баягы кыз дагы курбусу менен келип калыптыр. Агезде кыздар менен көп сүйлөшпөй тартына берчүмүн. Бирок ошондо мырзалардан биринчи кызды бийге тарттым. Анда жаштарда ыйман күч эле. Чогуу бийлегенге макул болгонуна ичим жылып кандайдыр бир ишеним пайда болду. Киного, театрга, концертке чакырып жакындан тааныша баштадык. Кызыгы мен ага "үйлөнөлү, мага турмушка чык" дебей эле, учакка башка бирөөнүн паспортуна алынган билет менен Жалал-Абадга алып кеткем. Мен ал кызга "сүйөм-күйөм" деп жалынбай эле, бактылуу кылам, апаңа өз энемдей мамиле жасайм" деп сөз бергеним эсимде. Ошон үчүн досторума тамашалап, жубайын учак менен ала качкан кыргыздын биринчи жигитимин деп калам", — дейт атактуу дарыгер. 

© Айбек ТемировДарыгер 35 жылдык ишмердүүлүгүндө 6 миңден ашык оор операция жасаган
Хирург Калдарбек Абдраманов (в центре с галстуком) с коллегами и пациентами в больнице - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер 35 жылдык ишмердүүлүгүндө 6 миңден ашык оор операция жасаган

Чөнтөк телефондун жарыгы менен операция жасаган

Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
Дарыгер 35 жылдык ишмердүүлүгүндө 6 миңден ашык оор операцияны баштан кечирген. Арасында уникалдуулары да арбын. Алардын бири иш учурунда бейтапканада жарык өчүп калып, телефондун жардамы менен операцияны бүтүргөн. "Бул окуя мындан үч жыл мурда 8-октябрь күнү болгон. 23 жаштагы оорулуунун жүрөгүндөгү үч клапанды алмаштыруу керек эле. Операциянын ортосуна жетип, акыркы клапанды тигип жатканда жарык өчүп калды. Токтоп калбай кызматкерлердин чөнтөк телефондорунун жарыгы менен ишти улантууга мажбур болдук. Операция учурунда жарык өчүп калган окуялар көп эле катталганы менен жүрөккө жасалып жатканда болгон мындай окуялар өтө сейрек. Бизде ал инциденттен соң атайын карап чыксам, мындан 1985-жылы Киевде профессор Тадуров жаш балага операция жасап жатканда жыйырма мүнөт жарык өчүп калган окуя катталыптыр. Ал эми биздики 36 мүнөткө чейин созулуп кеткен…" деп айтып берген редакцияга берген маегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0