Абдылдаев Нурдин Туратбекович — өмүр баяны

© Фото / секретариат фракции Онугуу-ПрогрессКандидат в мэры Бишкека Нурдин Абдылдаев
Кандидат в мэры Бишкека Нурдин Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1965-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2000-жылы финансы-экономикалык академиясын "Финансы жана салык саясаты" адистиги боюнча аяктаган. 2005-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1988 — Кыргыз ССР улуттук статистикалык комитетинин башкы эсептөөчү борборунун ЭВМ боюнча оператору;
  • Мунай заттарды алып келүү жана жеткирүү боюнча ишкердик менен алектенген.
  • 2000 — жылдан тарта "Интергласс" ЖЧКсын жетектеген;
  • 2005 — Токмоктогу №58 округунан үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген;
  • 2007 — өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
  • 2011-жылдын январь айынан тарта Ысык-Көл облусунун губернатору, ушул эле жылдын август айында мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
  • 2014 — КР өзгөчө кырдаалдар министринини орун басары;
  • 2017-жылы январда Бишкек шаар мэрлигине талапкер болгон.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0