Атамбаев Алмазбек Шаршенович — өмүр баяны

Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин эмгек жолу жана өмүр баяны менен Sputnik маалымат сайтынын таржымалынан таанышыңыз.

Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. 1980-жылы Москвада Башкаруу институтун инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу адистиги боюнча аяктаган. 

Эмгек жолу 

  • 1980-1981 — Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги, инженер;
  • 1981-1983 — №4 ЖЭБде башкы инженер;
  • 1983-1987 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген;
  • 1987-1989 — Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары;
  • 1989-1997 — "Форум" илимий-өндүрүштүк фирмасынын директору;
  • 1997-1999 — "Кыргызавтомаш" АКнын башкы директору;
  • 1999-2004 — "Форум" өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2004-2005 — "Кыргызавтомаш" корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2005-2006 — КР экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр;
  • 2006-2007 — КР премьер-министри;
  • 2007-2010 — Активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген 
  • 2010-жыл, апрель-июнь — КР Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары;
  • 2010-жылдын ноябры-декабры — КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери;
  • 2010-жылдын 20-декабрынан баштап — КРдин премьер-министри;
  • 2011-жылдын 30-октябрында КРдин президенти болуп шайланган;
  • 1.12.2011 — 24.11.2017 Кыргызстандын президенти;
  • 31.03.2018- 25.05. 2019 — Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы;
  • 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин чечими менен "экс-президент" макамынан ажыратылган.

1999-жылы "Даңк" медалы менен, 2007-жылы "Данакер" ордени, 2018-жылы "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0