Иш-чара борбор калаадагы мейманканалардын биринде өттү. Баргандар 30дан ашык модельердин эмгектерин көрө алды. Подиумга бир гана аялдардын эмес, эркектердин дагы кийим-кечеги чыгарылды.
Уюштуруучулар Кыргызстанда мода индустриясы менен биргеликте искусство жана жеңил өнөр жай тармагын дагы өнүктүрүүнү көздөп жатканын билдиришти.
Burana Fashion Week — жыл сайын өткөрүлчү мода жумалыгы, бул жылы ал төртүнчү ирет тартууланды. Жумалыктын максаты — тарыхый сепил Бурана мунарасын, кыргыз кийимин жана модасын чет өлкөгө таанытуу болуп саналат.

Бишкекте Burana Fashion Week 2021 мода жумалыгы өттү

Иш-чара борбор калаадагы мейманканалардын биринде болду

Көргөзмө 4-6-февраль күндөрү өттү

Ага ар кайсы курактагы көрүүчүлөр барды

Бет кап коргонуу гана каражаты болуп кала бербей, күнүмдүк турмушубузга аксессуар катары кирип келе жатат

Көргөзмөдө 30дан ашык дизайнердин эмгеги көрсөтүлдү

Жумалыкка чет элдик дизайнерлер дагы катышты

Мисалы, Тажикстандан Нафиса Имранова аттуу дизайнер келди

Ошондой эле көрүүчүлөргө россиялык модельер Ким Донгактын эмгектери сунушталды

Эркектин кийими

Уюштуруучулар Кыргызстанда мода индустриясы менен биргеликте искусство жана жеңил өнөр жай тармагын дагы өнүктүрүүнү көздөп жатышат

Burana Fashion Week — жыл сайын өткөрүлчү мода көргөзмөсү

Бул жылы ал төртүнчү ирет өттү
