00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Билим алуу менен эс алууну айкалыштырса болот - Жайында китепканаларда жаштарга кандай шарт түзүлгөн?
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
За игнор — штраф: чиновников обяжут отвечать на жалобы
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Туура тамактануунун орду чоң. Жайдын аптаптуу күндөрүндө спорт менен кантип туура алектениш керек?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Филологи, философы, медиаспециалисты — кого готовят в КРСУ сегодня
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Талантливая молодежь и нехватка простого оборудования: беседа о работе Национального онкоцентра
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз тасмалары эл аралык аренада. ШКУнун кызыл килеминде “Качкын” сыйлыкка ээ болду
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Энергетическая дипломатия для Центральной Азии: новый сезон школы фонда Горчакова
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Европа "Спутник V" вакцинасына ынанып турат. Процесске Германия түрткү болду

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Австрия канцлери Себастьян Курц Европа медициналык агенттиги (EMA) тарабынан Россия менен Кытайда өндүрүлгөн вакцинаны каттоо мүмкүнчүлүгүн кароодо "геосаясий тыюу салуулардан" баш тартууну сунуштады.
Андан бир аз мурун эле "Спутник V" вакцинасын колдонуу саясий эмес, The Lancet журналына жарыяланган клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү баскычынын жыйынтыктарына негизделген илимий чечим, — деген Франция президенти Эммануэль Макрон. Испаниянын россиялык препаратты пайдаланууга даярдыгын (EMA тарабынан жактырылганда) Мадрид да билдирген. Вакцинанын тегерегиндеги кырдаалга Ирина Алкснис баам салды.
Ал эми Германия жөнүндө айта турган болсок, өлкө жетекчилигинин бул маселеде Москва менен активдүү кызматташууга ниети январда эле байкалган. Ал убакта Ангела Меркель россиялык препараттын Европада катталышына көмөктөшүүгө Берлиндин даярдыгын жар салган. Негизи немецтер бул кадамга мурда эле кам урган. Ушул тапта Европанын эң таасирдүү маалымат каражаттары "Спутник V" жөнүндө оң маанайдагы макалаларын өз аудиториясы үчүн байма-бай жарыялоодо.
Берлиндеги Аренадагы эмдөө борборунун алдында кезекте турган беткапчан кишилерди полиция кызматкерлери карап турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр
Жагдай түшүнүктүү: бир топ айга созулган россиялык препаратты активдүү каралоо кампаниясынан кийин коомдук пикирди тезинен өзгөртүүгө туура келет. Анткени Европа биримдигиндеги өлкөлөрдүн калкын эмдөөдө бул вакцина орчундуу роль ойнойт окшоп калды. Бирок алдыдагы маалыматтык-саясий жылыштын алгачкы карлыгачтары бир ай мурун эле пайда болгон. Бул процесске дал ФРГ түрткү болгон эле.
Абройлуу илимий журналдагы жаңы эле жарык көргөн макала "Спутник V" препаратынын чыныгы сапаты тууралуу капыстан баарынын көзүн ачкандай болду. Анан эле Германияда заматта вакцина өндүрүү үчүн аянтчаны даярдоо жүрүп жатканы анык болду. Айтор, немецтер Европанын лидери катары өз макамын дагы бир ирет тастыктады. Башкалар бул эмне менен аяктарын күтүп жатышканда, Германия саясий жактан маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу теманы дароо колго алды. Негизи эле Европанын өзүндө абал анчалык деле жарытарлык эмес. Негизги көйгөй – вакцина тартыштыгы. Вакцина ченеминин жетишсиздиги курч, алар үчүн күрөш жаңжалга айланчудай. Буга европалык, тагыраагы, англиялык-швед AstraZeneca вакцинасынын майнаптуулугунун орточо көрсөткүчтөрү да (60 пайыздан бир аз ашык) себеп болду. Америкалык эки — Pfizer жана Moderna вакциналары да натыйжалуулугу жагынан жакшы (95 пайыздын тегерегинде), бирок башка тарабы да бар. Адатта үч жагдайын белгилешет:
  1. кымбаттыгы;
  2. өндүрүштүк-логистикалык талаптары, даярдоо, сактоо жана ташууну татаалдаштырат;
  3. эмдөөнүн коргоо таасиринин узактыгы белгисиз.
Спутник V вакцинасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Немец ЖМКсы: "Спутник V" вакцинасы Батышты таң калтыра алды
Маалымат каражаттары өтө сейрек маалымдаган, бирок болду-болбоду, адамдарды түйшөлткөн дагы бир тарабы бар. Эки препарат тең инновациялык технологиялар менен иштелип чыкканы ырас, бирок узак мөөнөттүү келечекте адамзаттын саламаттыгы үчүн коопсуздугу толук кандуу текшерүүдөн өтө элек. Дал ушул себептен эмдөөдөн көп өтпөй катталган ар бир өлүм саны ушундай резонанс жаратууда. Мындан улам изилдөөлөрдүн бардык баскычтарынан өткөн "Спутник V" вакцинасынын жылдыз жанып чыга келди. Натыйжалуулугу боюнча "Спутник V" америкалык вакциналардан кийинки сапта (91,6 пайыз), бирок алардан кыйла арзан. Сакталышы да экөөнө караганда жеңил жана он жылдап изилденип келе жаткан платформада түзүлгөн. Технологиясынын ынанымдуулугу боюнча россиялык препаратты коргоонун таасири узак экенин белгилөөгө болот. Россиялык окумуштуулардын бул жетишкендиктерине Батыш сук артып, "Спутник Vтин жасалышын" Советтер Союзу тарабынан 1957-жылы алгачкы жасалма спутниктин учурулушуна теңөөдө. Мындай салыштыруу жүргүзгөн германиялык Welt басылмасынын журналисти: "ошондон бери Россия техникалык жаатта Батышты дээрлик эч нерсе менен таң калтыра алган эмес", – деп белгилейт. Атомдук энергетика, гипер үндүү технология, радиоэлектрондук күрөш жана башкалар өңдүү бир катар тармактарда дүйнөлүк лидер болуп келген өлкө туурасында ал ушундай пикирин жарыялаган. Кытай сымал, тышкы атаандаштыкты чектөөсүз өздүк интернет-чөйрөсүн (издөө, почта кызматтары, социалдык медиа, антивирустук сервистер жана башкалар) түзө алган жана алдыда турган өлкө жөнүндө айтат германиялык журналист. "Россия Батышты таң калтырчу технологиялык жетишкендиктери жагынан арттабы?" деген суроо өзүнөн өзү туулат. Же турмуш бет келиштиргенче Россиянын ийгиликтерине көз жумууга тырышып келеби? Мындай аракеттердин жакшы жагы да бар, канчалык басмырлаган сайын каршыңдагы тарап күчтөнүп, күтүлбөгөн жетишкендигин ортого сунат. Зарылдыгы чыкса, жеңип да чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0