https://sputnik.kg/20210130/batysh-vakcina-kurosh-1051281224.html
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк экономикалык форумдагы сөзүндө ФРГ канцлери Ангела Меркель COVID-19га каршы вакцинаны калыс бөлүштүрүүгө үндөдү. 30.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-30T11:49+0600
2021-01-30T11:49+0600
2021-12-14T14:27+0600
аналитика
дүйнөдө
колумнисттер
саясат
вакцина
батыш
коронавирус
европа
ангела меркель
бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1e/1051287459_219:551:2867:2048_1920x0_80_0_0_41a7608394d42d572942ddc8b8493270.jpg
Канцлер коронавируска каршы дары-дармекке өлкөлөр өз байлыгынын деңгээлине жараша гана жетип жатканынан коңгуроо каккан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун формалдуу түрдө колдоду.ДССУ башчысы билдиргендей, ушул тапта болжол менен 50 мамлекетте эмдөө жүрүүдө. Дээрлик алардын баары бай өлкөлөргө кирет, ал эми вакцина ченемдеринин 75 пайызы болгону он өлкөдө колдонулган. Ушул жагдайга кесиптешибиз Ирина Алкснис сереп салган.Ачыгы, германиялык лидердин ДССУ менен шериктештиги амалкөйлүккө окшоп кетет, анткени адилеттүүлүк – бул салыштырмалуу түшүнүк жана аны ар кандай кабылдоого болот.Меркель менен катар эле Германиянын саламаттык сактоо министри да Давосто сүйлөгөн сөзүндө Европа биримдигинде өндүрүлгөн вакциналарды лицензиялоо боюнча Брюсселдин демилгесин колдоду.Йенс Спан: "Акыры биз өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүүгө мүмкүндүк берүү үчүн Европа биримдигинде кол коюлган келишимдердин дээрлик бардыгы боюнча жүздөгөн миллион еврону алдын ала төлөдүк", – деп ачык айтты. Ошондой эле: "Кеп биринчи болууда эмес, бул калыстык маселеси". Чындап эле мындай жагдайда кандай ыкма туура: баарына тең бөлгөнбү же бул процесске ким көп салым кошкон болсо, ошолорго артыкчылык берүү керекпи? Канткен күндө да "жакыр өлкөлөр — бай өлкөлөр" деп бөлүү менен көйгөй чечилип кетпейт. Анан да алар экинчи сапта, анткени Батыштын өзүндө вакцина үчүн эң башкы кармаш башталды.Европа биримдигинин AstraZeneca англиялык-швед компаниясы менен чатагы улам ырбап бараткандай. Ал өндүрүштүк-логистикалык кыйынчылыктардан улам келишимде макулдашылган көлөмдү 60 пайызга кыскартууга аргасыз экенин Брюсселге маалымдаган.Европага мындай жагдай таптакыр жакпайт, ал келишимдик милдеттенмелерди аткарууну талап кылат. Бирок Лондондун AstraZeneca менен жеке макулдашуусу боюнча аталган продукцияга артыкчылыктуу укугу бар. Өз кезегинде Европанын колунда да көзүр бар, себеби өз аймагында өндүрүлгөн вакцинаны Улуу Британияга экспорттоого бөгөт кое алат. Ошону менен бирге эле Улуу Британия кыйла жакшы абалда. Азыр аралда калктын он пайызга жакыны эмделди. Биринчи кварталда королдуктун Европа биримдигине караганда үч эсе көп вакцина ченемин алары болжонууда.Кырдаалды саясий өңүт да күчөтүүдө. Жалпысынан жагдайлардын айкалышына байланыштуу маалымат каражаттарында тараптар ортосунда кеңири масштабдуу "вакцина согушу" тутанышы ыктымал деген ойлор айтылууда.Батыштын негизги көйгөйү вакцина өндүрүүнүн масштабы ага болгон талапты тез аткарууга мүмкүн болбогонунда. Ошондуктан вакцина үчүн жөөлөшмөй башталып туру.Тигил же бул түрдө ушундай эле кыйынчылыкка бөлөк өлкөлөр да, анын ичинде өз препараттарын иштеп чыгып жаткандар, маселен, Россия менен Кытай да кабылууда. Баары көп жана тезирээк алгысы келет, бирок өндүрүш кубаттуулугунда объективдүү чек бар. Батыштын эң башкы көйгөйү, балким, катачылыгы деген да туурадыр, COVID-19га каршы күрөштө баарынан куткаруучу чара катары дал эмдөөгө чечкиндүү басым жасаганында.Ушул мааниде Европа (Улуу Британия менен кошо) бул ыкманын кыйла таза үлгүсү болууда. Вакцинаны күтүүдө баш катырып отурбастан бийлик карантинди эң негизги ыкма катары карманып келбедиби. Андай саясаттын натыйжасы европалык калаалардын көчөлөрүндө так көрүнүп турбайбы. Коом сансыз катаал чектөөлөрдү көтөрө албай калды. Жакында эле Нидерланд айрыкча айырмаланды. Мунун аягы көрүнчүдөй эмес.Ага катар ошол эле Россия менен Кытайда мамлекет өз саясатында кыйла ийкемдүүлүктү көрсөтүүдө. Калктын басымдуу бөлүгү эпидемияга каршы киргизилген чаралардан мүмкүн болушунча ыңгайсыздыкты аз сезет. Чектөөлөр жумшартылууда. Кырдаал жалпысынан туруктуу, абал акырындап жакшырууда. Саламаттык сактоо системасына анчалык күч келген жок. COVID-стационарларда ноокастардын саны акырындап азаюуда. Адистер да өз божомолдорунда этият оптимизмди карманууда.Мындай шартта европалык ыкма таптакыр майнапсыз көрүнөт. Антсе да тийиштүү өлкөлөрдүн бийлиги саясатын өзгөртө албайт же башкача иш алып барууга болорун билбейт. Натыйжада таңсык вакциналарды бири-биринен талашуудан башка аргалары жок.Анан да, албетте, аларга россиялык вакциналарга каршы маалыматтык согушту унутууга туура келди. Алгачкылардан болуп Ангела Меркель андай кадамга барып, Владимир Путинге Европа биримдигинде "Спутник V" препаратын жактыруу жол-жобосунда Германиянын колдоосун сунуштады.
https://sputnik.kg/20210128/moskvada-migranttarga-covid-19ga-karshy-vakcina-1051254287.html
https://sputnik.kg/20210126/covid-19-vakcina-simptomsuz-oorugandar-1051225812.html
https://sputnik.kg/20210125/sputnik-vakcinasy-zhany-ehskertuu-1051216562.html
батыш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Ирина Алкснис
https://sputnik.kg/img/103868/94/1038689494_46:0:193:147_100x100_80_0_0_76ce586b05f7271d7712e1808703f1ae.jpg
Ирина Алкснис
https://sputnik.kg/img/103868/94/1038689494_46:0:193:147_100x100_80_0_0_76ce586b05f7271d7712e1808703f1ae.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1e/1051287459_0:246:2867:2048_1920x0_80_0_0_1dd8ad3dafe9b34b7f066c3eac60d84a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Ирина Алкснис
https://sputnik.kg/img/103868/94/1038689494_46:0:193:147_100x100_80_0_0_76ce586b05f7271d7712e1808703f1ae.jpg
аналитика, дүйнөдө, колумнисттер, саясат, вакцина, батыш, коронавирус, европа, ангела меркель, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, дары-дармек, дүйнөгө жайылган коронавирус
аналитика, дүйнөдө, колумнисттер, саясат, вакцина, батыш, коронавирус, европа, ангела меркель, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, дары-дармек, дүйнөгө жайылган коронавирус
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр
11:49 30.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дүйнөлүк экономикалык форумдагы сөзүндө ФРГ канцлери Ангела Меркель COVID-19га каршы вакцинаны калыс бөлүштүрүүгө үндөдү.
Канцлер коронавируска каршы дары-дармекке өлкөлөр өз байлыгынын деңгээлине жараша гана жетип жатканынан коңгуроо каккан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун формалдуу түрдө колдоду.
ДССУ башчысы билдиргендей, ушул тапта болжол менен 50 мамлекетте эмдөө жүрүүдө. Дээрлик алардын баары бай өлкөлөргө кирет, ал эми вакцина ченемдеринин 75 пайызы болгону он өлкөдө колдонулган. Ушул жагдайга кесиптешибиз Ирина Алкснис
сереп салган.
Ачыгы, германиялык лидердин ДССУ менен шериктештиги амалкөйлүккө окшоп кетет, анткени адилеттүүлүк – бул салыштырмалуу түшүнүк жана аны ар кандай кабылдоого болот.
Меркель менен катар эле Германиянын саламаттык сактоо министри да Давосто сүйлөгөн сөзүндө Европа биримдигинде өндүрүлгөн вакциналарды лицензиялоо боюнча Брюсселдин демилгесин колдоду.
Йенс Спан: "Акыры биз өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүүгө мүмкүндүк берүү үчүн Европа биримдигинде кол коюлган келишимдердин дээрлик бардыгы боюнча жүздөгөн миллион еврону алдын ала төлөдүк", – деп ачык айтты. Ошондой эле: "Кеп биринчи болууда эмес, бул калыстык маселеси". Чындап эле мындай жагдайда кандай ыкма туура: баарына тең бөлгөнбү же бул процесске ким көп салым кошкон болсо, ошолорго артыкчылык берүү керекпи? Канткен күндө да "жакыр өлкөлөр — бай өлкөлөр" деп бөлүү менен көйгөй чечилип кетпейт. Анан да алар экинчи сапта, анткени Батыштын өзүндө вакцина үчүн эң башкы кармаш башталды.
Европа биримдигинин AstraZeneca англиялык-швед компаниясы менен чатагы улам ырбап бараткандай. Ал өндүрүштүк-логистикалык кыйынчылыктардан улам келишимде макулдашылган көлөмдү 60 пайызга кыскартууга аргасыз экенин Брюсселге маалымдаган.
Европага мындай жагдай таптакыр жакпайт, ал келишимдик милдеттенмелерди аткарууну талап кылат. Бирок Лондондун AstraZeneca менен жеке макулдашуусу боюнча аталган продукцияга артыкчылыктуу укугу бар. Өз кезегинде Европанын колунда да көзүр бар, себеби өз аймагында өндүрүлгөн вакцинаны Улуу Британияга экспорттоого бөгөт кое алат. Ошону менен бирге эле Улуу Британия кыйла жакшы абалда. Азыр аралда калктын он пайызга жакыны эмделди. Биринчи кварталда королдуктун Европа биримдигине караганда үч эсе көп вакцина ченемин алары болжонууда.
Кырдаалды саясий өңүт да күчөтүүдө. Жалпысынан жагдайлардын айкалышына байланыштуу маалымат каражаттарында тараптар ортосунда кеңири масштабдуу "вакцина согушу" тутанышы ыктымал деген ойлор айтылууда.
Батыштын негизги көйгөйү вакцина өндүрүүнүн масштабы ага болгон талапты тез аткарууга мүмкүн болбогонунда. Ошондуктан вакцина үчүн жөөлөшмөй башталып туру.
Тигил же бул түрдө ушундай эле кыйынчылыкка бөлөк өлкөлөр да, анын ичинде өз препараттарын иштеп чыгып жаткандар, маселен, Россия менен Кытай да кабылууда. Баары көп жана тезирээк алгысы келет, бирок өндүрүш кубаттуулугунда объективдүү чек бар. Батыштын эң башкы көйгөйү, балким, катачылыгы деген да туурадыр, COVID-19га каршы күрөштө баарынан куткаруучу чара катары дал эмдөөгө чечкиндүү басым жасаганында.
Ушул мааниде Европа (Улуу Британия менен кошо) бул ыкманын кыйла таза үлгүсү болууда. Вакцинаны күтүүдө баш катырып отурбастан бийлик карантинди эң негизги ыкма катары карманып келбедиби. Андай саясаттын натыйжасы европалык калаалардын көчөлөрүндө так көрүнүп турбайбы. Коом сансыз катаал чектөөлөрдү көтөрө албай калды. Жакында эле Нидерланд айрыкча айырмаланды. Мунун аягы көрүнчүдөй эмес.
Ага катар ошол эле Россия менен Кытайда мамлекет өз саясатында кыйла ийкемдүүлүктү көрсөтүүдө. Калктын басымдуу бөлүгү эпидемияга каршы киргизилген чаралардан мүмкүн болушунча ыңгайсыздыкты аз сезет. Чектөөлөр жумшартылууда. Кырдаал жалпысынан туруктуу, абал акырындап жакшырууда. Саламаттык сактоо системасына анчалык күч келген жок. COVID-стационарларда ноокастардын саны акырындап азаюуда. Адистер да өз божомолдорунда этият оптимизмди карманууда.
Мындай шартта европалык ыкма таптакыр майнапсыз көрүнөт. Антсе да тийиштүү өлкөлөрдүн бийлиги саясатын өзгөртө албайт же башкача иш алып барууга болорун билбейт. Натыйжада таңсык вакциналарды бири-биринен талашуудан башка аргалары жок.
Анан да, албетте, аларга россиялык вакциналарга каршы маалыматтык согушту унутууга туура келди. Алгачкылардан болуп Ангела Меркель андай кадамга барып, Владимир Путинге Европа биримдигинде "Спутник V" препаратын жактыруу жол-жобосунда Германиянын колдоосун сунуштады.