https://sputnik.kg/20210204/bilim-beruu-mekemeleri-kachan-achylat-1051341319.html
Бишкекте 1-мартта бардык билим берүү мекемелери ачылабы? Расмий жооп
Бишкекте 1-мартта бардык билим берүү мекемелери ачылабы? Расмий жооп
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган. 04.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-04T16:32+0600
2021-02-04T16:32+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
окуу
билим берүү
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/06/1049888851_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_48e5c232bef899f3d569e9cbdd59bd9c.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин баары толугу менен качан ачылары азырынча белгисиз. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган.Мэриянын маалымат кызматы билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча азырынча расмий маалымат жок экенин кабарлады.Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы өлкө боюнча, анын ичинде Бишкекте мектептердин баары ачылып, кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Болгону айрым класстар аралыктан билим алып жатышат. Жогорку окуу жайлар алгоритм боюнча чекесинен ачылып жатса, аймактардагы бала бакчалардын дээрлик бардыгы иштей баштаганын кошумчалады.Эске салсак, бүгүн, 4-февралда, Бишкек мэриясынын алдында ата-энелер митинг өткөрүп, алар онлайн-сабак бир гана Бишкекте уланып жатканына каршы болушкан.Митингчилердин алдына вице-мэр Айжан Чыныбаева чыгып, Бишкектин мектептеринде бала өтө көп болгондуктан, бардык класстарды кадимки тартипте окутууга уруксат берилбей жатканын түшүндүргөн.30-январь күнү Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу офлайн окуу режимине өтүү мөөнөтүн жылдырып койгон.18-январдан бери ордо калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып билим алып жатышат. Ал эми бала бакчалар азырынча ачыла элек.Окумуштуулар коронавирустун үчүнчү толкуну болушу ыктымал экенин боолголошууда. Мындан улам өкмөт дагы айтылып жаткан үчүнчү толкунга даярдык көрүүдө.
https://sputnik.kg/20210203/Bishkekte-mektepke-elektronduk-kezekke-kattoo-bashtalat-1051320092.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/06/1049888851_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_724401e2e60d440e8fdb0fcd2e37a76b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, окуу, билим берүү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, окуу, билим берүү
Бишкекте 1-мартта бардык билим берүү мекемелери ачылабы? Расмий жооп
16:32 04.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин баары толугу менен качан ачылары азырынча белгисиз. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган.
Мэриянын маалымат кызматы билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча азырынча расмий маалымат жок экенин кабарлады.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы өлкө боюнча, анын ичинде Бишкекте мектептердин баары ачылып, кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Болгону айрым класстар аралыктан билим алып жатышат. Жогорку окуу жайлар алгоритм боюнча чекесинен ачылып жатса, аймактардагы бала бакчалардын дээрлик бардыгы иштей баштаганын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 4-февралда, Бишкек мэриясынын алдында ата-энелер митинг өткөрүп, алар онлайн-сабак бир гана Бишкекте уланып жатканына
каршы болушкан.Митингчилердин алдына вице-мэр Айжан Чыныбаева чыгып, Бишкектин мектептеринде бала өтө көп болгондуктан, бардык класстарды кадимки тартипте окутууга уруксат берилбей жатканын түшүндүргөн.
30-январь күнү Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу офлайн окуу режимине өтүү мөөнөтүн жылдырып койгон.
18-январдан бери ордо калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып билим алып жатышат. Ал эми бала бакчалар азырынча ачыла элек.
Окумуштуулар коронавирустун үчүнчү толкуну болушу ыктымал экенин боолголошууда. Мындан улам өкмөт дагы айтылып жаткан үчүнчү толкунга даярдык көрүүдө.