https://sputnik.kg/20210203/m-v-frunze-uj-muzeji-ondop-tuzoogo-muktazh-1051325328.html
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
Sputnik Кыргызстан
Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук дарт аныктама бөлүмүнүн башчысы Рахат Жумалиева пандемиянын курчуган маалында кызыл зонада кантип иштешкенин айтып... 03.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-03T14:56+0600
2021-02-03T14:56+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
кыргызстан
радио
коронавирус
дарыгерлер
https://sputnik.kg/img/07e5/02/03/1051325244_0:65:3067:1800_1920x0_80_0_0_b7f500fc7e41bc30aa1d57ff5aa9092a.jpg
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
Sputnik Кыргызстан
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
Түнкү саат 22:00дө нөөмөткө кирип, таңкы 10:00дө чыкканыбызда бутубуздагы желим өтүгүбүздөн 4-5 литр суу төкчүбүз. Жайдын аптабында коргонуучу костюм кийгендиктен ушунча тердечүбүз. Бул тууралуу Рахат Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, кызыл зонада иштеп жаткан учурда дарыгерлердин жакындары менен телефон аркылуу байланышууга да мүмкүнчүлүгү жок болчу.Дарыгер эми абал жакшырганда ушундай шартта иштеген дарыгерлерден күнөөкөр издебей, вирустун кийинки толкундарына даярдык көрүү зарылдыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/03/1051325244_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_678f3b0c6cddb337c964b6ae292c1c0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, коронавирус, дарыгерлер
коом, кыргызстан, коронавирус, дарыгерлер
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
14:56 03.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук дарт аныктама бөлүмүнүн башчысы Рахат Жумалиева пандемиянын курчуган маалында кызыл зонада кантип иштешкенин айтып берди.
Түнкү саат 22:00дө нөөмөткө кирип, таңкы 10:00дө чыкканыбызда бутубуздагы желим өтүгүбүздөн 4-5 литр суу төкчүбүз. Жайдын аптабында коргонуучу костюм кийгендиктен ушунча тердечүбүз. Бул тууралуу Рахат Жумалиева
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызыл зонада иштеп жаткан учурда дарыгерлердин жакындары менен телефон аркылуу байланышууга да мүмкүнчүлүгү жок болчу.
"Азыр былтыр жай мезгилиндеги күндөрүбүздү эстесем жүрөгүм тилинет. Бет кап тагып, үстүнөн коргоосу күчөтүлгөн респиратор тагып, эки кабат желим кол кап тагынып, коргоочу костюмдар менен башыбыздан ылдый чүмкөнгөн соң үстүнөн резина өтүктү кийип кызыл зонага кирип жаттык. Жайдын аптабында мындай кийим менен күнүнө 10-12 сааттап бир нече күн жүрүү абдан оор болду. Ар күнү нөөмөтүбүз бүтүп, сыртка чыкканда өтүктөрүбүздөн 4-5 литр шоргологон суу төкчүбүз, буттарыбыз быштактай агарып кетчү. Кызыл зонада иштеп турганда суткалап жакындарыбыз менен телефон аркылуу да байланыша алчу эмеспиз. Айрымдардын жаш балдары болсо, кээ бирөөлөрүнүн оорукчан ата-энеси же коронавируска кабылган тууганы болуп калат. Өзүң медик болуп туруп аларга көмөк көрсөтмөк тургай, кеп-кеңеш да берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калып жатканы ого бетер кейитчү", — деди Жумалиева.
Дарыгер эми абал жакшырганда ушундай шартта иштеген дарыгерлерден күнөөкөр издебей, вирустун кийинки толкундарына даярдык көрүү зарылдыгын кошумчалады.