АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?

© AP Photo / Tech. Sgt. Jocelyn Ford / U.S. Air ForceИстребитель F-35A Lightning II
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Коргоо министрлиги F-35 Lightning II сериялык өндүрүшүн баштоону дагы бир жолу жылдырды. Истребитель аскердик сыноолорго али даяр эмес, болбосо мындан төрт жыл мурун өтүүгө тийиш эле.
Кошмо Штаттар өз технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн ашкере баалап алган өңдөнөт. 2021-жылдын январында "дүйнөлүк тарыхта 1,6 трлн. долларлык наркы бар эң масштабдуу куралдык программа" – бешинчи муундагы F-35 чакан сериялык модификациясы 615 бирдик менен токтоп калды.
АКШнын коргоо министринин сатып алуулар жана камсыздоо боюнча орун басары Эллен Лорд 2021-жылдын март айына пландалган F-35 Lightning II сериялык өндүрүшүнүн башталышын кийинкиге жылдырды. Башкы себеби – техникалык көйгөйлөрү. Истребителдин олуттуу мүчүлүштүктөрү бар, абадан коргонуучу заманбап тутумдарга каршы күрөштө натыйжалуулугун да көрсөтө алган жок.
МиГ-31 истретибели. Архив - Sputnik Кыргызстан
6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?
F-35тин ар кыл модификациялары 2011-жылдан тарта чыгарылып келет. Истребитель куралданууга расмий түрдө 2014-жылы кабыл алынган. Бүгүнкү күндө пландалган 3200 "көзгө көрүнбөстүн" 600дөн ашууну гана курулган. Бирок F-35тин сериялык өндүрүшү жөнүндөгү Пентагондун расмий чечими – бул олуттуу маселелерди чечүү үчүн багытталган истребителдин аскердик даярдыгынын кепили, чет өлкөлүк буюртмалар жана америкалык салык төлөөчүлөр үчүн "сапат белгиси", ошондой эле өндүрүштүн натыйжалуулугун жана сатыктан кийинки техникалык тейлөөнү тастыктоосу. АКШ Коргоо министрлигинин чечими болбосо, жогорку аскердик даярдыгы да, чыныгы сапаты, чет өлкөдөн суроо-талап да жок. F-35тин келечеги ачык эмес, Пентагондун оң чечими бир нече жыл катары менен жылып келет.
Жаңы шайланган Жо Байдендин администрациясы тарабынан дайындалчу адистердин жаңы тобу F-35тин көз карандысыз техникалык экспертизасы жана 2046-жылга дейре сериялык өндүрүшү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бардык маалыматка ээ болгончо бир топ ай өтөт. "Көзгө чалдыкпастарды" пайдалануудан 2070-жылдан тарта алып салуу белгиленген. Пландар болуп көрбөгөндөй түзүлгөн. Ал эми иш жүзүндө пайдаланышы адистердин көңүлүн калтырат. F-35 Lightning II көп параметрлери: үнгө чейинки крейсердик ылдамдыгы, радарларга көрүнүшү, кырсыкка көп кабылышы боюнча бешинчи муунга жетишерлик эмес.
Өзөктүк курал ташуучу учак сертификациясы 2023-жылдын январына пландалган, бирок F-35тин ийгиликсиз учуштарынан соң бул дата дагы кийинкиге калтырылышы ыктымал.

Америкалык кыял

F-35 Lightning II пайдалануу чыгымдары төртүнчү муундагы истребителдерге караганда жогору. Бул жагы да мамлекеттик аткаминерлерди "көзгө чалдыкпастарды" көп санда сатып алуунун максаттуулугунан күмөн санатат. Бирок F-35 программасына инвестициялар ушунчалык көп, аны жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Кошмо Штаттардан тышкары, бул долбоорго Бельгия, Улуу Британия, Польша, Италия жана бир катар өлкөлөр каражат салган, бирок текке кеткен чыгым болду.
Штаб-квартира НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп
Америкалык Military Watch журналы 3-январда батыш ааламындагы жападан жалгыз бешинчи муундагы F-35 "толук аскердик даярдыкка караандабайт дагы, 2025-жылга чейин жогорку интенсивдүү согуштук аракеттерге жараксыз болуп калышы ыктымал" деп жазып чыкты.
F-35 өндүрүш программасына жооптуу расмий өкүлдөр төрт жылдан бери истребителдин согуштук сыноолорго даяр болчу так датасын аныктай албай келет. "Молния" куралынын татаал системаларын сыноо үчүн симуляциялык борбору да даяр эмес.
Запастык тетиктеринин жетишсиздигинен улам 2020-жылы подрядчик өндүрүш ыргагын жайлаткан. Мурдараак АКШ Коргоо министрлиги технологиялык мүчүлүштүгүнүн айынан жаңы F-35ти кабыл алуудан бир нече ирет баш тартып келген. Андай жагдай "бешинчи муундагы" эки жүздөй машинада аныкталган.
Пентагон өз отчётунда F-35тин пайдалануу мөөнөтү "болгону 2100 учуш саатын түзүшү мүмкүн" деп көрсөткөн. Эң башында истребитель 8000 учуш саатка, тагыраагы, 40 жылга эсептелип жасалып жаткан.
Мындай кемчиликтери менен ар кыл модификациядагы F-35тин ондогон истребителдери чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө сатылып, сегиз өлкөдө (анын ичинде АКШда) да пайдаланып жатканы таң калтырат. Ушул тапта Улуу Британия, Греция, Дания, Израиль, БАЭ, Катар жана Япония "көзгө көрүнбөс" учактарды күтүп турган чагы. Мисалга Израилдин эле Аскердик аба күчтөрү F-35 истребителинен 50 бирдикке буюртма кылышкан. Дагы жыйырма даана сатып алууну көздөшөт. "Молнияларды" айдоо үчүн 1200 учкуч окутулуп, F-35ти тейлөө үчүн 10 миң техник даярдыктан өткөрүлгөн. Мындан улам Lockheed Martin фирмасы F-35A модификациясына баштапкы 250 млн. доллардан 80 млн. долларга чейин бааны түшүрө алган. Америкалык маркетинг АКШдагы технологиялык деңгээлден кыйла озуп кеткен. Эгер жакшы сатыла бере турган болсо, "канаттуу кыял" же "Молнияга" жакшы учуштун кажети жок.

Зыяндуу айлакер

F-35 Lightning IIнин катар-катар кырсыкка чалдыгышы машинанын алдыдагы жылдардагы оор тагдырын болжоого мүмкүндүк берет. Эгер жаңы америкалык истребитель технологиялык жактан дүйнөлүк эксплуатациялоо шартында аярлуу болсо, согуштук кырдаалда, мисалы, бешинчи муундагы россиялык Су-57, С-400 зениттик ракеталык тутуму же радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен жолугушуунун аягы ал үчүн аянычтуу бүтөт. "Көзгө чалдыкпаска" катаал реалдуулукка ыңгайлашууга туура келет.
"Бешинчи муундагы" америкалык истребителдин негизги кемчиликтеринин санын бешке түшүрө алышты, бирок бул деле 80 млн. доллардан (ААК үчүн модификациясы) 130 млн. долларга чейинки (АДК үчүн модификациясы) баадагы машина үчүн кымбат болуп саналат.
Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
Үндүн ыкчам ылдамдыгы планердин, стелс-каптоосу жана учактын арткы бөлүгүндөгү антенналардын талкаланышына коркунуч туудурат. Бирок Пентагон – Lockheed Martin фирмасына кас эмес, андыктан F-35тин пайдалануу мүнөздөмөлөрүн түздөп берген. Бүгүн кыска ылдамданууга жөндөмдүү үнгө чейинки истребитель болуп саналат.
Атайын нускамасы Аскердик-деңиз күчтөрү үчүн (F-35B) жана деңиз пехотасы үчүн (F-35C) модификацияларга 1,2 Махка чейин ылдамданууга уруксат берилген секундалардын санын аныктайт. Көрсө, конструкциянын кемчиликтерин ушундай жол менен жоюуга болот экен. Эске салсак, мурун бешинчи муундагы америкалык F-22 Raptor истребителин жаратуу ийгиликсиз деп табылган. F-22нин метрлик диапазондо радарларга көрүнүшү, радиосиңирүүчү каптоосу начар, аракет радиусу 750 чакырымга чейин, сериялык машинанын асман чапчыган наркы (350 млн доллар) – 2009-жылы программаны жыйыштырууга алып келген. Коюлган пландын 25 пайызы гана аткарылып, андай үлгүдө болгону 187 истребитель чыгарылган.
F-22 бардык программасынын уланышына көбүнесе техникалык тейлөөсүнүн кымбаттыгы да бөгөт болгон. АКШ өкмөтүнүн Эсеп палатасынын (GAO) 2020-жылдын 29-ноябрындагы маалыматтарында АКШ Аскердик аба күчтөрүнүн негизги истребители – бешинчи муундагы F-22 Raptor аскердик даярдыгы боюнча эң начар учак бойдон калганы айтылат. Мындай көрүнүшкө техникалык тейлөөгө талаптары жана пайдалануу чыгымдарынын өтө көптүгү себеп. Эгер жай убакта эле бул машиналардын паркында жарымына жакыны гана иштеп турса, согуш маалында эмне болот?!
Жаңы F-35 Lightning II истребители боюнча деле жагдай ошондой нукта. АКШ өкмөтүнүн Эсеп палатасы F-35тин техникалык тейлөөсү жакшырууга тийиштигин, ал эми Пентагондун F-35ти ремонттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү графиктен алты жылга артта экенин билдирген.
Коргоо министринин орун басары Эллен Лорддун пикиринде, аскерлер F-35тин чыгымын көтөрө албайт. Ал: "Куралдуу күчтөрдүн жаңы жана эң татаал истребителин колдоо кийинки жылдары олуттуу көйгөйгө кептеши мүмкүн... Балким, аскердик даярдыгын да аксата берет", – деп боолголойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0