Эл чочуп, таң калып... Таластагы Үрмаралдын албууттанган агымынын видеосу

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСуу аралаш муз. Архив
Суу аралаш муз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин райондук бөлүмүнүн жетекчисинин айтымында, агымы катуу суунун жергиликтүү калкка, айдоо аянттарына зыяны тийген эмес.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бакай-Ата районундагы Үрмарал дарыясындагы суунун адаттагыдан башкача болуп, түрүлүп, селдей агып келе жаткан видеосу тараган. Бул көрүнүш боюнча Бакай-Ата райондук ӨКМдин бөлүм башчысы Улан Доулбеков Sputnik Кыргызстанга түшүндүрмө берип, калкка зыян келтирбегендигин айтты.

"Бул көрүнүш 18-декабрда болжол менен саат 15:30дар чамасында болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үрөй учурган көрүнүш жарым саатка жакын созулуп, бир моментте эле агып өтүп кеткен. Айылга, эл жашаган конуштарга, мал-жанга зыян келген жок", — деп айтты Доулбеков.

ӨКМ кызматкери суунун көп көлөмдө келишин төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Өзөндөгү суулар дарыянын баш жагына өткөндөгү катуу суукта муз болуп топтолуп калган. Кечээ күн жылыганда алар эриген. Бул — табигый нерсе. Негизи жаз маалы болчу экен, бирок бул ирет кышында болду", — деди ал.

Буга окшогон көрүнүш Чоң Алай районунун Кашка-Суу айылындагы дарыяда да болуп, анда сел сымал каптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0