Кызык көрүнүш. Чоң-Алайда кышында дарыядагы муз эрип, ташкын болду. Видео

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыядагы суу топтолуп, үстүндөгү муз эрип ташкындаганда шагыл, кум аралашып сел сыяктуу кир болуп аккан.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында дарыядагы муз эрип, суу анын нугунан ашып кетти. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Рыспек Ботобеков билдирди.

Анын айтымында, Кашка-Суу айылынын күн чыгыш тарабында жергиликтүү эл турмуш-тиричиликке пайдаланган суу агып өтөт. Дарыядагы суу топтолуп, үстүндөгү муз эрип, дамба бою агып чыккан. Ага шагыл, кум аралашкандыктан кир болуп аккан.

Ботобеков ташкын айылга жетпей эле токтогонун, бирок ошол жерде суу алып жаткан адамдын автоунаасын агызып кете жаздаганын белгиледи.

Ошондой эле ал учурда коркунуч жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0