Ошто мас абалында соттук ишке катышты деген прокурор иштен алынды

Жазылуу
Беш күн мурда интернетке "Ошто мас абалындагы прокурор соттук ишке катышып, кийин терезелердин темир торун сындырып качып кетти" деген аталыштагы видео тараган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ош облустук прокуратурасы бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги кол койгон.

Судья Азизбек Досмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот
Эске салсак, 12-декабрь күнү интернетке "Ошто мас абалындагы прокурор соттук ишке катышып, кийин терезелердин темир торун сындырып качып кетти" деген аталыштагы видео тараган. Анда бет кап тагынган кишиге аялдын кайрылып сүйлөп жатканы тартылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аял "мас болуп туруп менин баламдын тагдырын чечкенге кантип дитиң барды? Сүйлөй албай турасың го, кагаздан дагы окуй албай жатасың! Мен тийиштүү органдарга кайрылам" деген. Андан ары видеодон киши кайсы бир кабинетке кирип кеткенин жана терезенин темир тору ийилип калганын көрүүгө болот.

Бул боюнча териштирүү иштери башталганын Башкы прокуратурадан кабарлашкан. Кызматтык иликтөө иштери дагы эле уланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0