"Түркиянын жүрүм-турумун өзгөртүү". Батыш эмнеге Эрдоганды жазалоодо?

© AP Photo / Turkish Presidency Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анкаранын активдүүлүгүн басаңдатуу үчүн европалыктар түркиялык аткаминер жана ишкерлерге каршы санкцияларды күчөтүп жатат.

Түркия менен Батыштын ортосундагы алака кыйынчылыкка кептелди. Евробиримдик Чыгыш Жер ортолук деңиздеги бургулоочу иштерден улам Анкарага каршы санкцияларды киргизди, америкалыктар россиялык зениттик-ракеталык тутумдарды сатып алууга кысым көрсөтүүдө. Бул НАТОдогу ички жагдайга кандай чагылары туурасында Галия Ибрагимова ой толгогон.

Анкараны ооздуктоо

"Түркия бир тараптуу Евробиримдикке каршы чагымчылдыктарды уюштуруп, риториканы күчөтүүдө. Чыгыш Жер ортолук деңизде, Кипрдин экономикалык аймагында Анкара мыйзамдуу болбосо да бургулоо иштерин жүргүзүүнү улантып келет", — деп билдирет Евробиримдиктин жакында эле аяктаган саммитинин катышуучулары.

Анкаранын активдүүлүгүн басаңдатуу үчүн европалыктар түркиялык аткаминер жана ишкерлерге каршы санкцияларды көбөйтүп, Евробиримдик өлкөлөрүнө киришине тыюу салып, алардын европалык активдерин тоңдурушууда.

АКШ С-400дөн улам Түркияга каршы санкция киргизди. Россиянын жообу - Sputnik Кыргызстан
АКШ С-400дөн улам Түркияга каршы санкция киргизди. Россиянын жообу
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеп Боррель кошумча чектөөлөрдү иштеп чыгууга туура келет. Ангела Меркель Анкаранын европалык иштердеги ролун кайра кароого гана тургай, Ливия, Сирия жана Тоолуу Карабахтагы Түркия таасирине да талдоо жүргүзүүгө чакырды. Бүтүмдөрү келерки жылдын март айында карала турган документте камтылмакчы.

Түркияга каршы санкциялар былтыр жайында эле жарыяланган. Ага ошол эле – Чыгыш Жер ортолук деңиздеги газ кендерин мыйзамсыз чалгындоо иши себеп катары көрсөтүлгөн. Бирок ал деле Режеп Тайип Эрдоганды токтото алган эмес. Жайында ал бургулоо иштерин уланта турганын жар салган.

"Санкциялар түпкү максат эмес"

Кысымды күчөткөнү менен Брюссель баары бир бардык жолду тороп салбайт (маневр үчүн орун калтырат). Саммиттин жыйынтыгы боюнча расмий билдирүүдө "позитивдүү түркиялык-европалык күн тартибинин" маанилүүлүгүн баса белгилейт.

"Санкциялар Европанын туруктуулугун көрсөтөт. Бирок бул – түпкү максат эмес, Анкаранын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн инструмент. Биз дайым диалогго ачыкпыз жана конструктивдүү иштөөгө даярбыз", — деп белгилейт Эммануэль Макрон.

Француз лидеринин сөздөрү Париж менен Анкаранын ортосундагы күзүндө күч алган тирештин уландысы катары бааланды. Мухаммед пайгамбардын каррикатурасын окуучуларга көрсөткөн география мугалими Самуэль Пати өлтүрүлгөндөн кийин Макрон исламдын кризиске кабылганын жана мамлекеттин светтик баалуулуктарын коргоо зарыл экенин билдирген. Эрдоган ага "психикалык саламаттыгын текшертүүгө" кеңеш берген.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден  - Sputnik Кыргызстан
Такыр башкача да болушу мүмкүн. Байденге Россия боюнча кеңеш айтылды
Макронду европалык өлкөлөрдүн лидерлери колдоп чыгып, мусулмандардын теракты аркылуу динге ишенгендердин сезимдеринин кемсинтилгенин түшүндүрүү аракетин сынга алган. Франциялык-түркиялык полемика америкалыктар кийлигишпесе, кезектеги санкциялар согушуна айланып кете жаздаган.

АКШнын мамлекеттик катчысынын аскердик-саясий иштер боюнча жардамчысы Кларк Купер европалыктарга Түркия альянстын маанилүү аскердик-стратегиялык өнөктөшү экенин эскерткен.

"НАТОго мүчө өлкөлөргө Түркияны батыш орбитасында калуу зарыл. Чыгыш Жер ортолук деңизде жана Кара деңиздеги чагымчылдыктарга, албетте, көз жумуп коюуга болбойт. Бирок Европанын чыгыш флангадагы (тарабындагы) коопсуздугу мурдагыдай эле Түркиядан көз каранды. Америка түрктөрдүн альянстагы жүрүм-турумуна кепил болгусу келет. Антпесе Россия утат", — деп Вашингтондун позициясын билдирген Купер.

Американын коркутуулары

Океан ар жагынан айтылган элдештирүү пикирин европалыктар этият кабылдаган. Себеби Анкаранын россиялык С-400 учактарын сатып алышынан улам чыккан түркиялык-америкалык талаш былтыртан тарта уланып келет эмеспи.

Эрдоганды Москва менен түзгөн келишимден баш тартууга көндүрүүгө көшөрө аракет кылган, F-35 истребитель-бомбалоочу учактарын сатууга тыюу салуу менен опузалаган. Бирок Түркия бийлиги тирешти андан бетер курчутуп, Инжирлик жана Күрежик америкалык аскердик базаларын жабууну убадалаган.

Пентагонго аталган базалар "Ислам мамлекетине"* каршы Сирия жана Ирактагы аскердик операциялар үчүн керек. Ошону менен бирге эле Инжирлик жана Күрежик базалары НАТОнун Европадагы Ракетага каршы коргонуу тутумунун бөлүгү болуп саналат.

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Турции Р. Т. Эрдоганом - Sputnik Кыргызстан
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды
Америкалыктар жумшара түшүп, Эрдоган да НАТОнун Түркия үчүн маанилүү экенин моюнга алган. Анкаранын риторикасы да Жо Байдендин шайлоодо жеңип чыгышынан кийин бир аз өзгөргөндөй. Анткен менен ал вице-президент кезинде Эрдогандын режимин көп сынга алар эле. Түркия жаңы администрациянын келиши менен мамилелер кайра жаңырарына үмүттөнөт.

АКШнын жаңы шайланган президенти бул боюнча ооз ача элек. Антсе да Америка НАТОдон оолактоону токтоторун кыйыткан. Ошол эле убакта Ак үйдүн азыркы башчысы Дональд Трамп иштерди Байденге өткөрүп берерден мурун Жакынкы Чыгыш жана Афганистандагы натолук операцияларга Американын катышуусун кыскартууга белсенет. Бул боюнча өзү билдирген. "Американын душмандарына каршы туруу жөнүндөгү" мыйзамдын (CAATSA) алкагында АКШ россиялык С – 400 учактарын сатып алганы үчүн Анкарага каршы санкцияларды киргизген. Эрдоган муну "НАТОдогу өнөктөшүн сыйлабастык" катары баалаган.

"АКШ жана Евробиримдик менен биздин көз жаздымда калтырууга мүмкүн болбогон бекем саясий жана экономикалык байланыштарыбыз бар. Санкциялар чыгым алып келет. Биз өнөктөштөрүбүз калыстыгын көрсөтөрүн күтөбүз", — деп белгилеген Түркия президенти.

НАТО өз алдынчалыкка тоскоол эмес

"Эрдоган менен НАТОнун ортосунда кандай мамиле түзүлбөсүн, түркиялык коомчулукта консенсус бар: альянстагы мүчөлүк пайдалуу, бул Түркияга көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. НАТОсуз Эрдоганга татаал болмок, ливиялык же сириялык жаңжалга кийлигишүүсүн негиздөөдө кыйналмак", — деген оюн ортого салат Анкарадагы Саясий изилдөөлөр борборунун эксперти Орхан Гафарлы. Саясат таануучу альянстын Түркия жана ЕБ өлкөлөрүнө өз ара пикир келишпестиктерди жайгарууга мүмкүндүк бергенин дагы бир артыкчылык катары белгилейт.

"Анкаранын Греция, Кипр же Франция менен болгон жаңжалдарын эле алалычы. Алардын ырбап кетишин алдын алуу көбүнесе аталган өлкөлөрдүн НАТОго мүчө болушунан улам мүмкүн болууда. Альянс модераторлук ролду аткарат. Альянска мүчөлүк Анкарага да Греция, Кипр же Франциянын аракеттерин (эгер алар Түркияга каршы багытталса) бөгөттөөгө көмөктөшөт", — деп кошумчалайт ал. Ошону менен бирге эле талдоочу Эрдоган НАТОго мүчөлүктү өз алдынча саясат үчүн тоскоолдук катары көрбөстүгүн айтат.

Түрк-француз популизми

"Макрон менен Эрдогандын тиреши ажырымга алып келбейт. Түркия менен Грециянын ортосунда дайым чыңалуу болуп келген. Бирок эки өлкө тең НАТОго мүчө болгондуктан ал ачык согушка чейин ырбаган эмес", — деп белгилейт "Обсерво" франциялык-россиялык аналитикалык борборунун директорунун орун басары Игорь Деланоэ.

Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Анын айтымында, 2016-жылкы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоган альянстан бир аз оолактаган. Анткен менен анын курамынан чыгуу маселеси азырынча көтөрүлбөйт.

"АКШ Анкаранын альянстан чыгуусуна жол бербейт. Дал Түркия аркылуу америкалыктар Кара деңиз аймагы жана Кавказдагы таасирин күчөтүүгө ниеткер", — дейт Деланоэ.

Адистин пикиринде, түркиялык-франциялык мамиле эртеби-кечпи жөнгө салынат. Анан калса бул өлкөлөрдүн арасында түбү тереңге такалган деле карама-каршылык жок. "Эрдоган менен Макрон тышкы саясат жаатында ийкемдүүлүктү көрсөтүп келишет. Мисалы, 2015-жылдын ноябры жана 2016-жылдын июлундагы Түркия менен Россиянын ортосундагы конфронтацияны эстеп көрүңүздөрчү. Андай жагдай тез эле жайгарылган.

Макрон көз карашын канча өзгөртүп, популизмге жакындыгын көрсөткөн. Париж менен Анкаранын ортосундагы жаңжал кандай болсо да чечилет", — деп боолголойт Деланоэ.

Бирок азырынча тил табышууга эки жак тең кызыкдар эмес, андыктан Түркиянын Франция, ошондой эле жалпы НАТО менен тиреши улана берчүдөй.

*Россияда жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0