Кара-Балтада турак үй өрттөнүп кетти. Жалбырттаган жалындын видеосу

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн кечке маал катталган. Өрт саат 18:43тө чектөөгө алынып, аны өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кара-Балта шаарында турак үйдөн өрт чыкты.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. 

ӨКМ маалыматты тастыктап, 15-декабрь күнү кечке маал аталган шаардагы Турар Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкканын билдирди. Аны өчүрүүгө ӨКМдин үч куткаруучу бөлүмү тартылган.

"Өрт саат 18:43тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркагандар жок. Кошумча кабар берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0