00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар

© AP Photo / CARLO FUMAGALLIАргентиналык футболчу Диего Марадона. Архив
Аргентиналык футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 26-ноябрда, дүйнө эли футбол тарыхындагы мыкты оюнчулардын бири, аргентиналык Диего Армандо Марадона менен коштошту. Ал Буэнос-Айреске жакын жердеги ата-энеси коюлган мүрзөдө жерге берилди.

Футболчу 25-ноябрда 60 жаш курагында жүрөк кемтигинен каза болгон. Легендарлуу футболчунун өмүр баяны кызыктуу жоруктар менен коштолуп, футбол талаасындагы оюндары азыркыга чейин эскерилип айтылып келет. Sputnik Кыргызстан редакциясы аргентиналык футболчу эмнеси менен таанылганын эскерет.

Өмүр баяны

Диего Армандо Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Ланус шаарында туулган. Атасы дон Диего тегирменде иштесе, апасы Дальма Сальвадора Франко үй кызматкери эле. Марадона төрт кыздан кийинки бешинчи перзент болчу. Анын Рита, Ана, Эльза жана Мария деген төрт эжеси болгон.

Алгачкы белек

Диего 10 айында басып кетет. Жети жашка чыкканда ага агасы топ белек берген. Диего белекке ушунчалык кубанып, аны көпкө чейин төшөккө жатканда да кучактап жатып жүргөн. Атасы ага топту кандай тебүүнү үйрөткөн соң эртеден кечке сол буттап дубалга тээп машыккан.

Футболго аралашуу

8 жашка чыкканда ал "Архентинос Хуниорс" клубунун балдар командасында ойногон 10 жаштагы Гой Каррис аттуу бала менен таанышып калат. Ал аркылуу команданын машыктыруучуларын табат. 1976-жылы 16 жашында "Архентинос Хуниорс" клубунда ойноп баштаган. Кийинчерээк "Бока Хуниорс", "Барселона", "Наполи", "Севилья" жана "Ньюэллс Олд Бойз" командаларында ойногон.

Аргентина курама командасына 91 беттеште ойноп, 31 гол киргизген. 1979-жылы жаштар арасында, 1986-жылы чоңдор менен дүйнө чемпиону болгон. Төрт ирет дүйнө биринчилигинде ойноп, 1986-жылдагы дүйнө чемпионатында мыкты футболчу деп табылган. 1990-жылы дүйнө чемпионатында Аргентина курама командасы менен экинчи орунду ээлеген.

Ал 37 жашка чыкканда спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.

© Sputnik / Михаил Сербин / Медиабанкка өтүүДиего Армандо Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Ланус шаарында туулган
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Диего Армандо Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Ланус шаарында туулган

Үй-бүлөсү

Марадона биринчи жолу 1984-жылы аргентиналык Клаудия Вильяфаньеге үйлөнүп, экөө Дальма жана Жанинна аттуу эки кыздуу болушкан. 2004-жылы жубайлар ажырашкандан кийин футболчу бир канча жолу үйлөнгөн. Жалпысынан Марадонанын сегиз уул-кызы бар экени айтылат.

Дүйнө чемпионатынан четтетилген

Чемпион по боксу Мухаммед Али - Sputnik Кыргызстан
Мухаммед Алинин сүрөттө калган сүртүмдөрү
Марадона 17 жашында 1978-жылы футбол боюнча Аргентинада өткөн дүйнө чемпионатынан четтетилген. Буга анын башкы машыктыруучу Луис Сезар Менотти жана команда капитаны Даниэль Пасарелла менен начар мамилеси себеп экени айтылган. Мындан сырткары, ФИФА ар бир команданын курамында 18 оюнчу болушун талап кылган, Аргентинада ошол кезде 21 футболчу болуп, анын үчөөсүн чыгарууга туура келген. Дал ошол четтетилгендердин үчүнчүсү Марадона болгон. Белгилеп кетсек, ошол дүйнө чемпионатында Аргентина курама командасы тарыхта биринчи жолу чемпион болгон.

Келишкис атаандаштардан алкоо

Аргентиналык футболчу Европанын бир катар ТОП-клубдарында ойногон. "Архентинос Хуниорс" жана атактуу "Бока Хуниорс" командасынан соң Марадона 1982-жылы Испаниянын каталондук "Барселона" клубуна өткөн. Бул трансфер үч миллион фунтка бааланып, ошол кезде дүйнөлүк футбол тарыхында эң кымбат деп эсептелген.

Марадона ошол жылы Испанияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта ойноп, командасы ийгиликке жеткен эмес.

Футболчу каталондук клуб үчүн эки сезон ойногон. Биринчи жылы гепатит илдетине кабылып, үч ай оюндан четтегенине карабай сезон ал үчүн ийгиликтүү болгон. Марадона каталондуктар менен Испания кубогун уткан. "Барселонанын" келишкис атаандашы "Реал" менен болгон чемпионаттагы беттешинде, "Эль класикодо" Марадона эки коргоочу менен кошо дарбазачыны да буйтап өтүп гол киргизген. Коргоочулардын бири бош калган дарбазаны тосом деп анын устунуна урунган. Бул керемет окуяга мадриддик гранддын күйөрмандары да жабыла кол чабышкан.

"Сантьго Бернабэу" стадионунда мыкты оюн көрсөткөнү үчүн Барселонанын үч гана футболчусу, 1983-жылы Марадона, 2005-жылы Роналдиньо жана 2015-жылы Андрес Иньеста алкоого алынган.

"Наполинин" ийгилик жаратуучусу

Марадона 1984-жылы Италиянын "Наполи" клубуна өткөн. Келишим беш миллион фунтка бааланып, футбол тарыхында Марадона катышкан экинчи эң кымбат трансфер болгон.

Бул учурда "Наполи" бир да жолу Скудеттону (өлкө чемпионатын) ута элек эле. Марадона менен кошо башка футболчуларды сатып алып, мыкты команда курагандан кийин неаполитандыктар жеңишке жете баштаган. "Наполи" менен Марадона эки жолу Италиянын чемпионатын уткан. Бул трофей азыркы күнгө чейин неаполитандыктар уткан жападан жалгаз Скудетто бойдон келе жатат. Мындан сырткары, УЕФА кубогу мелдешин уткан. Аргентиналык гений өзү көп жыл бою 115 голу менен клубдун тарыхында мыкты бомбардир болуп турган.

Дүйнө чемпионаты. Англия курамасына киргизилген тарыхый голдор

1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө биринчилигинде Аргентинанын машыктыруучусу Карлос Билардо Марадонаны команданын капитаны кылып дайындаган. Оюн Марадонанын ыкмасына ыңгайлашып түзүлүп, ал ийгилик алып келген. Муну менен Аргентина экинчи ирет дүйнө чемпионатын уткан. Ал азыркыга чейин кураманын дүйнөлүк акыркы жетишкендиги бойдон турат. Футболчу команданын мыкты оюнчусу деп табылган.

​Мында чейрек финалдагы Англия курамасы менен беттешти өзүнчө сөз кылууга болот. Марадона анда дарбазачы Питер Шилтондон (бою 1,83 см.) бийикте турган топту колу менен уруп гол киргизген. Башкы калыс муну эсепке алган. Ал окуя "Кудайдын колу" дегет атка конгон. Анткени футболчу топту колу менен ойногонун кийинчерээк мойнуна алып, бирок ал "Кудайдын колу" деп айткан. Ошол беттеште Марадона талаанын орто жеринен топту алып, өзү жалгыз атаандашынын беш оюнчусун, ага кошо дарбазачыны да алдап өтүп гол киргизген. Бул гол "кылымдын мыкты голу" аталган. Ошентип футбол генийинин бул беттештеги эки голу тең тарыхта калган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Марадона Аргентина курамасынын дүйнө чемпиону болушуна машыктыруучу Карлос Белардо жетишерлик эмгек кыла алган эмес деп эсептейт. Кайсы бир маегинде ал машыктыруучу менен футболчулардын ортосунда келишпестик жаралып, оюнду футболчулар өздөрү аягына чыгарган деп айткан.

© REUTERS / Agustin MarcarianФутболчу 25-ноябрда 60 жаш курагында жүрөк кемтигинен каза болгон
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Футболчу 25-ноябрда 60 жаш курагында жүрөк кемтигинен каза болгон

"Бир буттап...". Кайрадан кол менен ойноо

1990-жылдагы дүйнө чемпионатынын алдында Марадона жаракат алып, мыкты оюн көрсөтө алган эмес. Деген менен ал командасынын финалга чыгышына, вице-чемпион болушуна жетиштүү салым кошкон. Тайпалык этапта СССР менен ойноп жатканда Марадона дарбазасына кирип кетип жаткан топту колу менен кайтарып салган. Муну калыс байкаган эмес. Беттеш 2:0 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктаган.

Бывший чемпион по боксу в супертяжелом весе Майк Тайсон - Sputnik Кыргызстан
54 жаштагы Тайсон машыгууда укмуштуудай реакциясын көрсөттү. Видео
Плей-офф баскычында алар Бразилия менен беттешет. Оюнда бразилиялыктар үстөмдүк кылып, фаворит болуп жатканда Марадона керекке жараган. Адаттагыдай талаанын орто жеринен бир канча атаандашын алдап, кулап бара жаткан абалда командалашы Клаудио Канижжага мыкты өткөрүп берүү жасап, дарбазачы менен бирге-бир чыкканга шарт түзүп берген. Өнөктөшү бул мүмкүнчүлүктү ийгиликтүү ишке ашырып гол киргизген. Бул беттештеги жалгыз, жеңүүчү гол болгон.

Деген менен мелдештин аягы чырга айланган. Сыйлоо аземинде Марадона ФИФА президенти Жоао Авеланж менен кол алышуудан баш тарткан. Анткени ал дүйнөлүк футбол уюумунун башчысын мундиалды Германия ута тургандай абал түзгөн деп эсептеп, ага таарынган.

Марадонанын бокстагы дебюту

Диего Марадона 1996-жылы бокс спортунда өз күчүн сынап, досу, кесипкөй бокстун эки салмак боюнча дүйнө чемпиону Сантос Ласьяр менен рингге чыккан. Беттештен бир күн мурда мушкерлер салт катары таразага түшүп, Марадона атаандашынан 14 килограммга оор экени аныкталган.

Тамашалуу маанайдагы беттеш үч раундга созулуп, айрым жеринде боксчулар бири-бирине эмес, калыска чабуул жасап ийишкен. Беттештин соңунда легендарлуу футболчу топту бут менен ойноонун керемет ыкмаларын жасап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөргөн.

Допинг жана кокаин

1991-жылы Марадонанын канында кокаин бар экени аныкталып, 15 айлык мөөнөткө футболдон четтетилген. Кийинчерээк футболчу аны "Барселонада" ойноп жүргөн кезде (1982-жылдары) эле пайдаланганын айткан. Футбол легендасы наркозатты 2004-жылы гана токтотконун өзү билдирген.

1994-жылы дүйнө чемпионатында биринчи оюндан кийин анын канында допинг бар экени аныкталып, кайрадан 15 айга футболдон четтетилген. Оюнчу өзү бул окуяны "менин бутумду кесип салышты" деп комментарий берген.

1990-жылдары Марадона бир канча клубдарда ойногон, анын катарында испаниялык "Севилья" жана аргентиналык "Бока Хуниорстун" намысын коргогон. Бирок көзгө көрүнөрлүк ийгилик жарата алган эмес.

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАргентиналык легенда бир канча команданы машыктырган, анын ичинде өзүнүн Аргентина курамасына башкы насаатчы болуп, аны 2010-жылдагы дүйнө чемпионатына алып келген
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Аргентиналык легенда бир канча команданы машыктырган, анын ичинде өзүнүн Аргентина курамасына башкы насаатчы болуп, аны 2010-жылдагы дүйнө чемпионатына алып келген

Машыктыруучулук

Аргентиналык легенда бир канча команданы машыктырган, анын ичинде өзүнүн Аргентина курамасына башкы насаатчы болуп, аны 2010-жылдагы дүйнө чемпионатына алып келген. Командасы чейрек финалда Германияга 4:0 эсебинде утулуп, мелдештен четтеген. Мындан сырткары, ал "Динамо" Брест клубунун башкармалыгынын төрагасы болууга жетишкен. Машыктыруучу катары да, администрациялык иштери менен да Марадона ийгиликке жете алган эмес.

Марадона кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаровго рахмат айтканда...

© Фото / предоставлено Бахадыром КочкаровымДиего Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирип, каптал калысынын милдетин аткарган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган.
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Диего Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирип, каптал калысынын милдетин аткарган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган.

Кыргызстандык футбол адиси, ФИФАнын калысы Бахадыр Кочкаров 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычында Аргентина менен Греция курама командаларынын беттешин тейлеген. Оюндан соң аргентиналыктардын машыктыруучусу Диего Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген. Анын ичинде каптал калысынын милдетин аткарган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган.

"Марадона атайын басып келип, калыстар тобу менен кол алышып, беттешти мыкты тейлегендиги үчүн ыраазычылыгын айтты. Анан кайсы өлкөдөн экенибизди сурады. Мен Марадона менен дагы эки ирет жолуккам", — деп эскерет кыргызстандык калыс.

Эске салсак, беттеш 2:0 Аргентинанын жеңиши менен аяктаган.

© Фото / предоставлено Бахадыром КочкаровымОкуя Аргентина менен Грцеция курама командаларынын беттеши учурунда болгон
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Окуя Аргентина менен Грцеция курама командаларынын беттеши учурунда болгон

Кумир тутуу, сыйынуучулук

Марадона аргентиналыктар үчүн да, неаполитандыктар ("Наполи" клубунун күйөрмандары) үчүн да кумир катары саналат. 1998-жылы анын фанаттары "Марадонанын чиркөөсү" деп аталган сыйынуучу жай уюштурушкан.

© AFP / JAVIER SORIANOМарадона аргентиналыктар үчүн да, неаполитандыктар ("Наполи" клубунун күйөрмандары) үчүн да кумир катары саналат
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Марадона аргентиналыктар үчүн да, неаполитандыктар ("Наполи" клубунун күйөрмандары) үчүн да кумир катары саналат

Небересине Месси аталган ата болгон

Марадонанын кичүү кызы Жаннина Аргентина курамасы менен англиялык "Манчестер Сити" клубунун чабуулчусу Серхио Агуэрого турмушка чыккан. Алардын Бенхамин аттуу уулу бар. Баланын аталган атасы (крестный отец — ред.) Лионель Месси болуп саналат.

P.S. Жалпылап айтканда, мында Марадона тууралуу учкай гана маалыматтар айтылды. Чындыгында анын футбол талаасында жана андан сырткаркы өмүрү ары кызыктуу, түркүн окуяларга бай болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0