
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган.
Ал жылы "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кино картинасын тартып, анда кыргыз жана орус элинин бир топ актёрлору роль жараткан.
Ошол кезеңди тасмага катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:
"Мен тасманын бир эпизодуна катышып калгам. Андан бери канча убакыт өттү, фильмде роль жараткандардын көпчүлүгү башка тармактарга өтүп кеткен. Тасма Ысык-Көл облусундагы Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылып, ишти жайында баштап кышында суукта бүткөнбүз. Оор жабдууларыбызды көтөрүп тоого чыгып, аскалардагы укмуштуудай мөңгүлөрдү көргөн элек. Сүрөттөгү Сүймөнкул байке менен кийин дагы көп иштештим. Ал кезде Чокморов оорудан оолак атак-даңкка бөлөнүп турган учуру болчу. Бою узун болгондуктан иш маалында эс алып калганда волейболду мыкты ойночу", — деди Думанаев.
Аталган тасма жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде тартылган. Ал эмгек өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын ишин, Кытайга апийим ташыган аткезчилердин турмушун чагылдырат. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Карабалтанын образын жараткан.
Көзү тирүү кезинде таланттуу режиссёр, КРдин эл артисти Болот Шамшиев Чокморов ооруп калбаганда Голливудга чейин жетмек деп айткан жайы дагы бар.
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.