Ниццадагы трагедия: чиркөөдө мууздалгандар, араб парламентинин чакырыгы

© REUTERS / ERIC GAILLARDНападение на людей возле церкви Нотр-Дам в Ницце
Нападение на людей возле церкви Нотр-Дам в Ницце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү эртең менен эркек киши Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүнө сыйынуу үчүн келгендерге кол салып, бычактап кеткен. Үч адам өлүп, бир нече киши жаракат алды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Франциянын антитеррордук прокуратурасынын башчысы Жан-Франсуа Рикар Ниццада куралдуу кол салуу жасап, үч адамдын өмүрүн алган киши тунистик жаран экендигин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга чейин ЖМКлар анын Францияга октябрдын башында келгенин айтышкан.

Прокуратура башчысы террорчунун жанынан 1999-жылы туулган деген жана анын атына жазылган Италиянын Кызыл Ай уюмунун документин табышканын белгиледи.

"Биздеги маалыматтарга караганда, Лампедуза аралына Италия аркылуу 20-сентябрда кирип, 9-октябрда Парижде болуп калган", — деди  маалымат жыйында.

Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы, анын маршруту жана шериктери болгон же болбогондугу такталып жаткандыгы айтылды. Прокурордун маалыматына караганда, террорчу буга чейин шектүү катары алардын көзүнө түшкөн эмес.

Лондондо киши элге бычак менен кол салды. Видео

Ниццадагы кол салуу

Бейшемби күнү эртең менен эркек киши Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүнө сыйынуу үчүн келгендерге кол салып, бычактап кеткен. Үч адам өлүп, бир нече киши жаракат алган.

Бир катар ЖМКлар кол салган киши экөөнүн башын кесип салганын жазды.

Ницца мэри ал кол салып жатканда "Аллах акбар" деп бир нече ирет кайталап тургандыгын айтып берген. Террорчу жарадар болуп, андан соң кармалган. Полиция аны дарылоо үчүн ооруканага жеткирген.

Франция президенти Эммануэль Макрон бул трагедияны теракт деп атады.

Окуядан кийин террорчулукка каршы пландан кийин Vigipirate операциясы Франциянын бардык аймагы боюнча иштеп баштады.

Лондондо мечиттин жанындагы адамдарды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти

Окуя боюнча бир-эки сап менен маалыматтар:

— Чиркөөдөгү өлтүрүүдөн кийин Авиньон аймагында полицияга бычак менен кол салуу катталган, бирок ал теракт деп эсептелген эмес;

— Нотр-Дамда өлгөн үч адамдын бири — чиркөө күзөтчүсү, экинчиси — Бразилиядан келген 44 жаштагы үч балалуу аял, үчүнчүсү 60 жаштагы аял экени айтылды;

— Кол салган кишинин баштыгынан колдоно элек 30 сантиметрлик эки бычак, Куран, мобилдик эки телефон табылган;

— Франциянын премьер-министри Жан Кастекс өкмөттүн жообу катуу жана аеосуз болорун айтты;

— Франциянын да жараны болуп эсептелген теле алып баруучу Владимир Познер катуу чараларды көрүп, Ниццадагы терактыдан кийин Франциядан мигранттарды чыгарып салууну сунуштады;

— Ниццанын имамы Абделькадер Садуни чиркөөгө кол салган кандай гана киши болбосун, ал канкор жана варвар болуп кала берерин айтты;

— Ал арада араб парламенти эл аралык коомчулукту, БУУну Мухаммед пайгамбарды жана мусулмандарды мазактагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу тартибин киргизүүгө чакырды;

— Ниццадагы окуя боюнча Тунис прокуратурасы да иликтөө баштаган. Ал чын эле Ибрагим бен Мухаммед Салих аль-Исауи аттуу Тунис жараны болуп чыккан. Ал буга чейин Тунистин түндүгүндөгү Кайруан провинциясынын Бу-Хаджла деп аталган шаарында жашап турган

Жаңылыктар түрмөгү
0